# 1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылган негизги түшүнүктөр

- Документ: [Нан унун байытуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202534)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 11-мартындагы № 78 "Нан унун байытуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 11.03.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202534/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3937/edition/724128/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202534/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нан унун байытуу жөнүндө, 1-берене (06.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202534/st-1

---

Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат: ундун зыянсыздыгы - белгиленген жарактуулук мөөнөтү ичинде пайдаланууда жана/же сактоодо калктын өмүрү, саламаттыгы үчүн анын зыянсыздыгын камсыз кылуучу ундун касиети; витаминдик-минералдык же минералдык кошумчалар (премикс) - адамдын ден соолугун сактоого жана организмдеги алардын жетишсиздигинен улам пайда болгон оорулардын алдын алууга көмөк берүүчү витаминдерди, минералдуу заттарды камтыган азыктар; темир жетишсиздик абал - адамдын организмине тамак-аш азыктары менен кошо темирдин жетишсиз берилишине байланышкан же аны сиңирүүнүн бузулушунан, темирдин азайуусунан улам пайда болгон организмдин патологиялык абалы; байытылган ундун сапаты - байытылган унду мүнөздөөчү физико-химикалык жана органолептикалык көрсөтмөлөрдүн жыйындысы; микронутриенттер - организмдин муктаждыгына керектелүүчү алмаштырылгыс азык заттар (витаминдер, минералдуу заттар жана микроэлементтер); байытылган (фортификацияланган) нан уну - тамак-аштын баалуулугун арттыруу максатында, ошондой зле темир жетишсиздигинен пайда болгон оорулардын алдын алуу үчүн ундун өзүндө башынан эле болбогон же өндүрүү жана сактоо процессинде жоготулган бир же бир нече ингредиенттер (витаминдер минералдар, белоктор, амино- же май кислоталары) жана башка заттар кошулган ун; жарактуулук мөөнөтү - тамак-аш азыгы көрсөтмө боюнча пайдалануу үчүн жарактуу деп эсептелинген убакыт мезгили; витамин-минералдык премикстин стандарты - унду байытуу максатында ага кошулуучу витаминдер менен микроэлементтердин көп компоненттүү аралашмасынын белгиленген саны; байытылган ундун стандарты - бир кг унга мг витаминдер менен микроэлементтердин санын белгилөөчү жол-жоболоштурулган ченемдик документ; фортификациялоо - тамак-аш азыктарын иштеп чыгып даяр кылуу технологиялык процессинин натыйжасында пайда болгон жоготууларды толуктап, аларды табигый өлчөмүнө жеткириш үчүн, ошондой эле тамак-аш азыгында жок микронутриенттерди табигый өлчөмүнөн жогору деңгээлге көтөрүү үчүн микронутриенттерди кошуу процесси.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202534/st-2)
