# 5-берене. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн болжолдоону берүү, кароо жана бекитүү тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202530)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-февралындагы № 61 "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112343)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 апреля 2018 года № 36 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственном прогнозировании социально-экономического развития Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111769)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.04.2018 [Закон КР от 6 апреля 2018 года № 36 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственном прогнозировании социально-экономического развития Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111769); 25.07.2012 [Закон КР от 25 июля 2012 года № 140 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственном прогнозировании социально-экономического развития Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203740)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202530#diff=1121225..1121226>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202530/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3936/edition/1121224/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202530/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө, 5-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202530/st-5

---

1. Болжолдогу үч жылдык мезгилден мурунку жылдын биринчи кварталында, бюджеттик каржылоо боюнча алдын ала контролдук цифраларды жана Кыргыз Республикасын республикалык жана жергиликтүү деңгээлде социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн бекитилген орто мөөнөттүк параметрлерин эске алуу менен тармактык министрликтер, мамлекеттик комитеттер, ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош мэриялары тарабынан өнүгүүнүн орто мөөнөттүк стратегиялары/программалары, колдонуудагы бюджеттик мыйзамдардын алкагында бюджеттик каржылоо боюнча контролдук цифраларды тактоонун андан аркы жол-жоболору менен иштелип чыгат.

2. Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү мезгилге социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынды болжолу экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тармактык жана региондук болжолдордун негизинде түзүлөт.

3. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн параметрлеринин болжолу учурдагы натыйжаларды баалоону, ички жана тышкы жаңы факторлорду/тобокелдиктерди табууну эске алуу менен, болжолдонгон мезгилдин ичинде кайра каралышы мүмкүн.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү мезгилге социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолу келерки финансылык жылга жана кийинки эки болжолдонуучу жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана республикалык бюджеттеринин кирешелери боюнча болжолду даярдоо үчүн негиз болуп саналат.

5. Болжолдонгон жылдан мурунку жылдын 1-октябрына чейин белгиленген тартипте бекитилген жыйынтыкталган болжол Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлөт.

6. Берилген жыйынтыкталган болжолду кароонун тартиби келерки жылга республикалык бюджеттик долбоорун талкуулоо учурунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан аныкталат.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Кыргыз Республикасынын экономикасынын абалына ай сайын мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылышат жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө маалыматтык-статистикалык маалыматтарды жарыялашат.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 140, 2018-жылдын 6-апрелиндеги N 36 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202530/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202530/st-6)
