# 4-берене. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдоолордун мазмуну

- Документ: [Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202530)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-февралындагы № 61 "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112343)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 апреля 2018 года № 36 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственном прогнозировании социально-экономического развития Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111769)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.04.2018 [Закон КР от 6 апреля 2018 года № 36 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственном прогнозировании социально-экономического развития Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111769); 25.07.2012 [Закон КР от 25 июля 2012 года № 140 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственном прогнозировании социально-экономического развития Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203740)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202530#diff=1121225..1121226>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202530/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3936/edition/1121224/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202530/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө, 4-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202530/st-4

---

1. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү болжолдоолорунда төмөндөгүлөр чагылдырылышы керек:

- Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн өткөн мезгилдеги жыйынтыктарын баалоо жана Кыргыз Республикасынын азыркы учурдагы экономикасынын абалын мүнөздөө, анын ичинде экономиканын өнүгүшү үчүн тоскоол болуучу мүмкүн болгон тобокелдиктерди жана коркунучтарды талдоо;

- макроэкономикалык саясаттын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макроэкономикалык туруктуулукту сактоо жана келечек мезгилге экономиканын өсүшүн көбөйтүү боюнча аракеттерин чагылдыруучу бюджеттик-салыктык, акча-кредиттик жана валюта саясатынын негизги багыттары жана программалык документтерде аныкталган өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиясына жана артыкчылыктарына тийиштүү негизги багыттары;

- экономиканын стратегиялык тармактарында түзүмдүк реформалардын келечеги жана багыттары;

- тышкы экономикалык саясаттын негизги багыттары;

- инвестициялык саясатты өнүктүрүүнүн келечеги;

- экономиканын реалдуу секторун, анын ичинде өнөр жайын, айыл чарбасын, курулушту жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүн өнүктүрүүнүн мүнөздүү тенденциялары жана келечеги;

- келерки мезгилге социалдык саясаттын негизги багыттары;

- Кыргыз Республикасынын региондорун өнүктүрүүнүн саясаты;

- инновациялык саясат;

- ишкердикти өнүктүрүү саясаты;

- экологиялык коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо.

2. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдоолору болжолдонуучу негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү жана аларга жетишүүнү камсыз кылуунун чараларын камтышы керек.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 140, 2018-жылдын 6-апрелиндеги N 36 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202530/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202530/st-5)
