# 2-берене. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик болжолдоолорунун тутуму

- Документ: [Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202530)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-февралындагы № 61 "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112343)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 апреля 2018 года № 36 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственном прогнозировании социально-экономического развития Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111769)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.04.2018 [Закон КР от 6 апреля 2018 года № 36 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственном прогнозировании социально-экономического развития Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111769); 25.07.2012 [Закон КР от 25 июля 2012 года № 140 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственном прогнозировании социально-экономического развития Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203740)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202530#diff=1121225..1121226>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202530/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3936/edition/1121224/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202530/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө, 2-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202530/st-2

---

1. Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик болжолдоо тутуму - узак мөөнөттүү (10 жана андан көп жылга), орто мөөнөттүү (3 жылдан 5 жылга чейин) жана кыска мөөнөттүү (1 жылга чейин) мезгилге өлкөнүн өнүгүүсүн камсыз кылуучу принциптерден, документтерден, процесстерден жана мамлекеттик болжолдоонун катышуучуларынан турган, өз ара байланышкан элементтердин жыйындысы.

Мамлекеттик болжолдоо процесси иштеп чыгуу, бекитүү, ишке ашыруу, мониторинг жүргүзүү, баалоо, оңдоп-түзөтүү кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын ишке ашырылышын контролдоо боюнча чаралардын комплексин колдонуу аркылуу ишке ашырылат. Мамлекеттик болжолдоо Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн деңгээлин жогорулатууга, жарандардын жашоо турмушунун сапатын жакшыртууга жана өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылууга багытталган мамлекеттик бийлик органдарынын жана өлкөнү өнүктүрүү процессинин башка катышуучуларынын иш-аракеттерин камтыйт. Мамлекеттик болжолдоо төмөнкүлөрдү камтыйт:

- он жана андан көп жылга Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн узак мөөнөттүү болжолу, беш жылда бир жолу оңдоп түзөтүлөт;

- үч жылдан беш жылга чейинки Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн орто мөөнөттүү болжолу, жыл сайын оңдоп-түзөтүлөт;

- келерки жылга Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн кыска мөөнөттүү болжолу.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн узак мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү келечекке мамлекеттик болжолдоолорун (мындан ары - социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү болжолдоо) иштеп чыгуу тартибин аныктайт.

2. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдоосу тиешелүү мезгилге, ошондой эле болжолдонулуучу келерки бюджеттик жылга жана кийинки эки жылга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин долбоорун иштеп чыгуу үчүн негиз болуп эсептелет.

3. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдоолору Кыргыз Республикасынын демографиялык, интеллектуалдык абалын, илимий-техникалык күч-кубатын, топтолгон улуттук байлыгын, социалдык саясатын, тышкы абалын, жаратылыш ресурстарынын абалын жана көрсөтүлгөн факторлордун өзгөрүүсүнүн келечегин комплекстүү талдоо менен иштеп чыгарылат.

4. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдоолору жалпы республика, экономиканын тармактары жана секторлору, Кыргыз Республикасынын региондору боюнча иштелип чыгарылат.

5. (КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 140 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдоолору ички жана тышкы саясий, экономикалык, социалдык жана башка факторлордун таасир этүү мүмкүндүгүн эске алган ар кандай варианттарда иштелип чыгат.

Социалдык-экономикалык өнүгүүнү болжолдоолор өзүнө макроэкономикалык кырдаалдын, экономикалык саясаттын, илимий-техникалык өнүгүүнүн, тышкы экономикалык иштин, ИДПнын өсүү жана керектөө динамикасынын, жашоо деңгээлинин жана анын сапатынын, экологиялык кырдаалдын, социалдык түзүмдүн, ошондой эле билим берүү, саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоону камсыз кылуу тутумдардын сандык көрсөткүчтөрүн жана сапаттык мүнөздөмөлөрүн камтыйт.

7. (Биринчи абзац КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 140 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Экинчи абзац КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 140 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (Үчүнчү абзац КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 140 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн узак мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү болжолдоолорунда Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн варианттары такталат, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мүмкүн болгон максаттары, көрсөтүлгөн максаттарга жетүүнүн жолдору жана каражаттары аныкталат.

8. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдонгон параметрлери Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жалпы мамлекеттик болжолдуу багыттары болуп эсептелет, ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан болжолдонуучу мезгилге келерки жылдын 31-мартынан кечиктирилбестен бекитилет.

9. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдоолору жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 140, 2018-жылдын 6-апрелиндеги N 36 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202530/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202530/st-3)
