# 1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулган негизги түшүнүктөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202530)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-февралындагы № 61 "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112343)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 апреля 2018 года № 36 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственном прогнозировании социально-экономического развития Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111769)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.04.2018 [Закон КР от 6 апреля 2018 года № 36 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственном прогнозировании социально-экономического развития Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111769); 25.07.2012 [Закон КР от 25 июля 2012 года № 140 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственном прогнозировании социально-экономического развития Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203740)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202530#diff=1121225..1121226>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202530/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3936/edition/1121224/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202530/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө, 1-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202530/st-1

---

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн болжолдоосу - бул алдыда боло турган мезгилге негизги болжолдоочу көрсөткүчтөрдү жана максаттуу багыттарды көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн багыттары, критерийлери, принциптери, максаттары жана артыкчылыктары тууралуу илимий негизделген көз караштардын тутуму. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо - мамлекеттик башкаруу органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, илимий-билим берүү, коммерциялык уюмдар жана мекемелер, уставдык капиталында мамлекеттик үлүш 30 пайыздан ашыкты түзгөн чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мезгилге өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүн болжолдоону иштеп чыгуу процесси. (Абзац КР 2018-жылдын 6-апрелиндеги N 36 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн концепциясы - бул узак мөөнөттүү мезгилге өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык максаттарынын жана милдеттеринин көрүнүшү. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиясы - мамлекеттин социалдык-экономикалык саясатынын стратегиялык максаттары жана артыкчылыктары, эң маанилүү багыттары жана орто мөөнөткө көрсөтүлгөн максаттарды ишке ашыруунун каражаттары тууралуу көз караштардын тутуму. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн программасы - өлкөнүн социалдык экономикалык өнүгүү чараларынын комплекстүү тутуму жана орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мезгилге коюлган максаттарга жетишүүнүн мамлекет тарабынан пландаштырылган натыйжалуу жолдору жана каражаттары. (КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 140, 2018-жылдын 6-апрелиндеги N 36 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202530/st-2)
