# КР 2009-жылдын 17-февралындагы № 54 "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу"Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 17-февралындагы № 54 "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 17.02.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.05.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202528>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3934/edition/719853/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202528.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 17-февралындагы № 54 "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу"Мыйзамы (16.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202528

---

КР 2016-жылдын 16-майындагы № 60 Мыйзамына ылайык 2017-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТОТ

Бишкек шаары 2009-жылдын 17-февралы № 54

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу

2009-жылдын 15-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202528/st-1)

"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жо- горку Кењешинин Ведомосттору, 1998-жыл, № 10, 374-ст.) төмөнкүдөй то- луктоо жана өзгөртүү киргизилсин:

1. 20-статья төмөнкүдөй мазмундагы 12-бөлүк менен толукталсын:

"Бюджеттин чыгашалар бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Медициналык камсыздандыруу фондуна Мамлекеттик гарантиялар программасын аткаруу үчүн бөлүнүүчү каражаттар көрсөтүлөт. Кыргыз Республикасынын Медицина- лык камсыздандыруу фонду саламаттык сактоо уюмдарын менчигинин формасы- на карабастан мамлекеттик бюджеттин каражаттары менен келишимдик негиз- де каржылайт. Кыргыз Республикасынын Медициналык камсыздандыруу фонду бюджеттен алынган бюджеттик ассигнованиелерди пайдаланганы үчүн Сала- маттык сактоону реформалоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча Байкоочулар кењешине отчет берет.".

2. 30-статьядагы "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо минист-

рлигинин алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Медициналык камсыздандыруу фондунун" де- ген сөздөргө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202528/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
