Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»мыйзамы
Бишкек шаары
2009-жылдын 17-февралы № 51
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону
каржылоонун бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу
2009-жылдын 15-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
"Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү
төлөөчү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Рес-
публикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2003-ж., № 11, 500-ст.)
төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча:
"мамлекеттик бюджеттин" деген сөздөр "базалык мамлекеттик медици-
налык камсыздандыруунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"Саламаттык сактоо" бөлүмү боюнча" деген сөздөр алып салынсын.
2. 5-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу каражаттары Меди-
циналык камсыздандыруу фондуна жана анын аймактык бөлүктөрүнө башкаруу-
га өткөрүп берилет.".
3. 6-статьянын 5-бөлүгүндө "Милдеттүү медициналык камсыздандыруу
фондунун" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Медициналык камсызданды-
руу фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 7-статьянын жетинчи абзацындагы "жана милдеттүү" деген сөздөр
"милдеттүүлүгү боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндөЗакон · 30.07.2003 · № 159
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндөЗакон · 30.07.2003 · № 159