# КР 2009-жылдын 12-февралындагы № 48 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралу" мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 12-февралындагы № 48 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралу" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 48
- Кабыл алынган күнү: 12.02.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202526>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3932/edition/457440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202526.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 12-февралындагы № 48 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралу" мыйзамы (12.02.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202526

---

Бишкек шаары

2009-жылдын 12-февралы N 48

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202526/st-1)

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин

Жарчысы, 2004-ж., N 11, 498-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүү

киргизилсин:

1. 4-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

"Ушул статьянын 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мекемелерде көрсөтүлгөн

мамлекеттик желек сутканын карањгы учурларында жарык кылынышы керек.".

2. 5-статьянын 2-бөлүгүндөгү "турак үйлөрдү" деген сөздөр "жайлар-

да, турак үйлөрдө, транспорт каражаттарында спорттук, коомдук жана сал-

танаттуу иш-чараларды өткөрүү учурунда алардын ээлеринин каалоосу боюн-

ча" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Мыйзам төмөндөгүдөй мазмундагы 9-1-статья менен толукталсын:

"9-1-статья.

Жол берилбейт:

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинин сүрөтүн геральдика-

лык негиз катарында пайдаланууга;

- тытылган же өњү өчүп калган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик

желегин пайдаланууга;

- менчигинин түрүнө карабастан коомдук бирикмелердин, ишканалар-

дын, мекемелердин жана уюмдардын желектери Кыргыз Республикасынын Мам-

лекеттик желегине окшош болушуна.

Ушул статьянын 1-бөлүгүн бузууга күнөөлүү адамдар Кыргыз Республи-

касынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202526/st-2)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын

расмий жарыяланган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ыла-

йык келтирсин.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202526/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев

2009-жылдын 16-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган
