# Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-апрелиндеги №138 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу"мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-апрелиндеги №138 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу"мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 138
- Кабыл алынган күнү: 27.04.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.11.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202523>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3931/edition/394617/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202523.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-апрелиндеги №138 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу"мыйзамы (25.11.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202523

---

Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары

2009-жылдын 27-апрели № 138

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Регламенти

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу

2009-жылдын 5-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202523/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Регламенти жөнүндө" Кыр-

гыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2005-жылдын 18-янва-

ры, № 4-5) төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

1. 6-статьянын 1-бөлүгүнүн 18-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баян-

далсын:

"18) Жогорку Кењештин ишинин жалпы программасынын долбоорлорун иш-

теп чыгуу, Жогорку Кењештин жыйналыштарында кезектеги айда каралууга

жаткан маселелердин календарын түзүү үчүн координациялык кењешме өткө-

рөт;".

2. Мыйзам төмөндөгүдөй мазмундагы 40-1-статья менен толукталсын:

"40-1-статья.

Координациялык кењешме Төрага тарабынан Төраганын орун басарлары-

нын, комитеттердин төрагаларынын жана фракциянын лидерлеринин же коми-

теттердин төрагалары жана фракциянын лидерлери болбогон учурда алардын

орун басарларынын катышуусу менен өткөрүлөт.

Координациялык кењешмеде төмөндөгүдөй маселелер каралат:

1) Жогорку Кењештин ишинин жалпы программасынын долбоорун иштеп

чыгуу;

2) Жогорку Кењештин жыйналыштарында кезектеги айда каралууга жат-

кан маселелердин календарын түзүү;

3) Төраганын, Төраганын орун басарларынын, комитеттердин төрагала-

рынын жана фракциялардын лидерлеринин сунушу боюнча башка маселелер.

Координациялык кењешменин чечими сунуш берүүчү мүнөзгө ээ.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202523/st-2)

Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
