# 4-берене. Мамлекеттик асылдандыруу ишканаларында асылдандыруу иштерин уюштуруу жана жүргүзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202519)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-апрелиндеги №133 "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө"мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 133
- Кабыл алынган күнү: 27.04.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.04.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 7 апреля 2026 года № 44 "О племенном деле в животноводстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230044182)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202519/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3928/edition/955821/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202519/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө, 4-берене (07.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202519/st-4

---

1. Мамлекеттик асылдандыруу ишканаларында асылдандыруу иштерин уюштуруу жана жүргүзүү ушул Мыйзамга ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу тартипте ишке ашырылат.

2. Асылдандыруу ишинин субъектилерин, асылдандыруу иши боюнча фундаменталдык, прикладдык илимий изилдөөлөрдү, жаңы технологияларды, аспаптарды жана жабдууларды иштеп чыгууну, асылдандыруу иши жаатындагы кадрларды даярдоону жана кайрадан даярдоону каржылоо - мыйзамда белгиленген тартипте кабыл алынуучу мамлекеттик программалардын негизинде ишке ашырылат.

3. Асылдандыруу ишин жүргүзүүчү мамлекеттик ишканалар айыл чарба багытындагы мамлекеттик жерлерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте биринчи кезекте алууга жана пайдаланууга артыкчылыктуу укукка ээ.

4. Мамлекеттик асыл тукум ишканаларынын жери, негизги каражаттары, айыл чарба жаныбарларынын тукумдук өзөгү мамлекеттик менчик болот жана аларды тескөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202519/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202519/st-5)
