# 3-берене. Асыл тукум жаныбарлары бар асылдандыруу ишинин субъекттеринин милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202519)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-апрелиндеги №133 "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө"мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 133
- Кабыл алынган күнү: 27.04.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.04.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 7 апреля 2026 года № 44 "О племенном деле в животноводстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230044182)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202519/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3928/edition/955821/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202519/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө, 3-берене (07.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202519/st-3

---

Асылдандыруу ишинин субъектилери төмөнкүлөргө милдеттүү:

- селекциялык-асылдандыруу ишин ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын асыл тукум ишинин маселелерин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүүгө;

- асыл тукум жаныбарлардын жогорку продуктулуу жаңы породаларын, түрлөрүн, линияларын жана тукумдарын чыгаруу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;

- айыл чарба жаныбарларынын колдо болгон генофондун сактоо жана өркүндөтүү үчүн шарттарды түзүүгө;

- асыл тукум жаныбарларды жана канаттууларды каттоого, идентификациялоого, асыл тукумдук документтерди жүргүзүүгө жана асыл тукум продукцияга (материалга) экспертиза жүргүзүүгө;

- асыл тукум жаныбарларга жана асыл тукум продукцияга бонитировка жүргүзүүгө;

- асыл тукум жаныбарларды жана асыл тукум продукцияны сатуу боюнча көргөзмөлөрдү, мал көрсөтүүлөрдү, кароолорду, аукциондорду жана конкурстарды уюштурууга катышууга.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202519/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202519/st-4)
