# 2-берене. Мал чарбасында селекциялык-асылдандыруу ишин жүргүзүүнүн максаттары менен милдеттери жана ага укуктуулук

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202519)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-апрелиндеги №133 "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө"мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 133
- Кабыл алынган күнү: 27.04.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.04.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 7 апреля 2026 года № 44 "О племенном деле в животноводстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230044182)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 июля 2019 года № 80 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О племенном деле в животноводстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111927)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 08.07.2019 [Закон КР от 8 июля 2019 года № 80 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О племенном деле в животноводстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111927); 18.02.2014 [Закон КР от 18 февраля 2014 года № 34 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О племенном деле в животноводстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205256); 10.10.2012 [Закон КР от 10 октября 2012 года № 170 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203770)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202519#diff=955823..955824>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202519/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3928/edition/955821/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202519/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө, 2-берене (07.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202519/st-2

---

1. Мал чарбасындагы асылдандыруу ишинин максаттары:

- асылдандыруу ишинин субъектилери үчүн кайра өндүрүү маселесин чечүүгө шарттарды түзүү;

- жогорку продуктулуу айыл чарба жаныбарларын өстүрүү;

- асыл тукум жаныбарлардын генофондун сактоо жана селекциянын заманбап технологияларын киргизүү.

2. Асылдандыруу ишинин милдеттери:

- мал чарбасында селекциялык-асылдандыруу ишин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана ушул Мыйзамга ылайык уюштуруу;

- жогорку продуктулуу жаңы породаларды, түрлөрдү, линияларды, тукумдарды чыгарууга жана Кыргыз Республикасындагы колдо болгон айыл чарба жаныбарларынын жана канаттуулардын генофондун сактоого жана өркүндөтүүгө шарттарды түзүү;

- жаныбарлардын жана канаттуулардын каттоосун, идентификациясын уюштуруу, асылдандыруу документтерин жүргүзүү жана асыл тукум продукцияга (материалга) экспертиза жүргүзүү;

- асыл тукум жаныбарларды жана асыл тукум үйүрлөрдү асыл тукум жаныбарлардын мамлекеттик китебине жана мамлекеттик асыл тукум каттоосуна каттоо;

- асыл тукум ишин мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө, анын ичинде айыл чарба жаныбарларынын аз сандагы жана жок болуп бараткан породаларынын генофондун сактоо боюнча, селекциялык максаттар үчүн пайдалуу сунуштарды иштеп чыгуу;

- Кыргыз Республикасынын асылдандыруу иши жаатындагы эл аралык кызматташтыгын координациялоо;

- асылдандыруу иши жаатында илимдин жетишкендиктерин практикага киргизүү, аларды асылдандыруу ишинин субъектилеринин арасында пропагандалоо;

- мамлекеттик асыл тукум заводдорду, чарбаларды, фермаларды, дыйкан (фермердик) чарбаларды түзүү жана мезгилдүү апробациялоодон өткөрүү боюнча иштерди уюштуруу.

3. Кыргыз Республикасындагы асылдандыруу ишин асылдандыруу ишинин субъектилери жүргүзүшөт.

4. Асылдандыруу ишин башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган асылдандыруу ишинин субъектилеринин иштерин координациялайт.

5. (КР 2012-жылдын 10-октябрындагы N 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6. Асылдандыруу ишинин субъектилерине статус берүү жана алып коюу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте ишке ашырылат.

(КР 2012-жылдын 10-октябрындагы N 170, 2014-жылдын 18-февралындагы № 34, 2019-жылдын 8-июлундагы N 80 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202519/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202519/st-3)
