# КР 2009-жылдын 30-мартындагы № 105 "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 30-мартындагы № 105 "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 105
- Кабыл алынган күнү: 30.03.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.03.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202506>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3921/edition/458770/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202506.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.03.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 30-мартындагы № 105 "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (30.03.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202506

---

Бишкек шаары

2009-жылдын 30-марты № 105

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам

актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө

2009-жылдын 19-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202506/st-1)

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин (Кыргыз Республикасы-

нын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1996-ж., №6, 80-ст.) I бөлугунө

төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 130-статьяда:

1-пункттун экинчи абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"Уставдык капитал кредиторлорунун кызыкчылыктарын кепилдикке алган

коомдун мүлкүнүн өлчөмүн аныктайт. Коомдун уставдык капиталынын өлчөмү

катышуучулар тарабынан анын уюштуруу документтеринде аныкталат.".

3-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"Катышуучулар тарабынан уюштуруу документтеринде аныкталган устав-

дык капиталдын өлчөмү мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып коом-

дун ишмердүүлүгүнүн биринчи жылы ичинде анын катышуучуларына толук кө-

лөмүндө төлөнүп берилет. Ушул милдет бузулган учурда коом өзүнүн капи-

талынын азайгандыгын белгиленген тартипте каттатышы же өзүнүн ишин жоюу

жолу менен токтотушу керек.";

4-пункттун экинчи сүйлөмү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"Эгерде коомдун көрсөтүлгөн активдеринин баасы катышуучулар тарабынын

уюштуруу документтеринде аныкталган уставдык капиталдын өлчөмүнөн аз

болсо, коом жоюлууга тийиш.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202506/st-2)

"Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" 1996-жылдын 15-нояб-

рындагы № 60 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 4-статьянын 6-пункту алып салынсын.

2. 38-статьяда:

1 жана 2-пункттар төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучулары уставдык капи-

талды түзүшөт, анын өлчөмү катышуучулар тарабынан уюштуруу документте-

ринде аныкталат.

2. Катышуучулар тарабынан уюштуруу документтеринде аныкталган ус-

тавдык капиталдын өлчөмү мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып

коомдун ишмердүүлүгүнүн биринчи жылы ичинде анын катышуучулары тарабы-

нан толук көлөмүндө төлөнүп берилет.

Бул милдеттер бузулган учурда коом же өзүнүн уставдык капиталынын

азайгандыгы жөнүндө кулактандырууга жана анын азайышын белгиленген тар-

типте каттоодон өткөрүүгө, же өз ишмердүүлүгүн жоюу жолу менен токто-

тууга тийиш.".

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык

келтирсин.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202506/st-3)

Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
