# КР 2009-жылдын 30-мартындагы № 99 "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 30-мартындагы № 99 "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 99
- Кабыл алынган күнү: 30.03.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.03.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202500>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3917/edition/479903/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202500.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.03.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 30-мартындагы № 99 "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (30.03.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202500

---

Бишкек шаары

2009-жылдын 30-марты № 99

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө

укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана

өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2009-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202500/st-1)

"Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мам-

лекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы,1999-ж.,№ 4, 193-ст.)төмөнкү-

дөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы 27 жана 28-пункттар менен толук-

талсын:

"27. Кыймылсыз мүлк бирдигин техникалык текшерүү-имараттардын, ку-

рулмалардын, квартиралардын же башка кыймылсыз мүлктүн, ошондой эле жер

участокторунун иш жүзүндөгү чек араларынын техникалык мүнөздөмөсүн

аныктоо.

28. Техникалык паспорт - кыймылсыз мүлккө техникалык текшерүүнүн

жыйынтыгы боюнча түзүлгөн белгиленген формадагы документ.".

2. 18-статьяда:

1-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Билдирүүчүнүн инсандыгы төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен ырасталат:

- жеке жак үчүн - инсандыгын ырастоочу документ;

- юридикалык жак үчүн-инсандын жана анын өкүлүнүн ыйгарым укугун

ырастоочу документ, ошондой эле юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлү-

гү жана юридикалык жактын уюштуруу документи.";

2-пункттагы "каттоо органынын кызмат көрсөтүү төлөмү жөнүндө кви-

танция" деген сөздөрдөн кийин "жана укук ээсинин өзгөргөндүгү жөнүндө

маалыматты киргизүү үчүн кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык мүнөздө-

мөсүн камтуучу документ";

11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"11. Укуктарды баштапкы мамлекеттик каттоодон өткөрүү 7 жумушчу

күндүн ичинде жүргүзүлөт.

Жергиликтүү каттоо органында укуктары мурда катталган кыймылсыз

мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоодон өткөрүү 3 жумушчу күндүн ичинде

жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте "укук ээсинин

арызы боюнча укуктарды мамлекеттик каттоодон өткөрүүнү бир жумушчу күн-

дүн ичинде жүргүзүүгө жол берилет.".

3. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 25-1-статья менен толукталсын:

"25-1-статья. Кыймылсыз мүлк бирдигине техникалык текшерүү

жүргүзүү

1. Кыймылсыз мүлк бирдигине техникалык текшерүү жүргүзүү баштапкы

жана учурдагы текшерүүнү өзүнө камтыйт.

Баштапкы текшерүү жаны түзүлгөн кыймылсыз мүлккө жүргүзүлөт. Баш-

тапкы текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча техникалык паспорт түзүлөт жана кый-

мылсыз мүлктүн укуктуу ээсине берилет.

Учурдагы текшерүү реконструкциялоо, кайра пландоо жана профилдеш-

тирүүнүн натыйжасында имараттардын, курулмалардын, квартиралардын же

башка кыймылсыз мүлктүн техникалык мүнөздөмөсү өзгөргөн учурда укук ээ-

синин арызы боюнча милдеттүү түрдө, ошондой эле укук ээсинин демилгеси

боюнча ыктыярдуу тартипте жүргүзүлөт.

Учурдагы текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча техникалык паспортто тие-

шелүү өзгөртүү чагылдырылат.

2. Кыймылсыз мүлк бирдигине техникалык текшерүүнү кыймылсыз мүлк

бирдигинин жайгашкан жери боюнча жергиликтүү каттоо органдары Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүргүзөт.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202500/st-2)

Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып бир айдын ичинде күчүнө ки-

рет.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202500/st-3)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын

ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
