# Кыргыз Республикасында алтын казып алууну жана өндүрүүнү андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасында алтын казып алууну жана өндүрүүнү андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 25
- Кабыл алынган күнү: 15.01.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.01.2001
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/2025>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-16/edition/285270/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/2025.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.01.2001 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында алтын казып алууну жана өндүрүүнү андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө (15.01.2001 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/2025

---

Бишкек ш., Өкмөт Үйү

2001-жылдын 15-январы ПУ N 25

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН УКАЗЫ

Кыргыз Республикасында алтын казып алууну

жана өндүрүүнү андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө

Кен казуучу ишканалардын жана уюмдардын өндүрүштүк

кубаттуулуктарын натыйжалуу пайдалануу, алтын өндүрүүнү арттыруу жана

Кыргыз Республикасында алтын казып алууну жана өндүрүүнү өнүктүрүүнүн

бирдиктүү саясатын жүзөгө ашыруу максатында токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте бир айлык

мөөнөттө:

- «Кыргызалтын» акционердик коомуна алтынды казып алуу жана

өндүрүү боюнча ишканаларды түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдө кыргыз тараптын

атынан иш алып баруу укугун, алтынды казып алуу жана өндүрүү боюнча

ишканаларда кыргыз тараптын атынан иш алып баруу укугун берсин;

- «Талды-Булак тоо-кен корпорациясы» биргелешкен ишканасындагы

кыргыз тараптан уюштуруучунун бардык укуктарын жана милдеттерин,

ошондой эле «Талды-Булак Левобережный» алтын кенин иштетүү боюнча

сүйлөшүүлөрдө жана долбоордо кыргыз тараптын атынан иш алып баруу

укугун «Кара-Балта тоо-кен комбинаты» акционердик коомунан

«Кыргызалтын» акционердик коомуна берсин;

- аффинаж жана алтын кен өндүрүшүнүн «Кар-Балта тоо-кен комбинаты»

акционердик коомунун курамынан чыгарсын, аны «Кыргызалтын» акционердик

коомунун «Аффинаж өндүрүшү» деген филиалын түзүу менен «Кыргызалтын»

акционердик коомуна кошсун жана аффинаж жана алтын кен өндүрүшүнүн

негизги каражаттарын «Кыргызалтын» акционердик коомунун уставдык

капиталына кошсун;

- Сары-Жаз кен башкармасын «Кыргызалтын» акционердик коомунун

«Сары-Жаз кен башкармасы» деген филиалын түзүү менен «Кыргызалтын»

акционердик коомуна кошсун жана анын негизги каражаттарын

«Кыргызалтын» акционердик коомунун уставдык капиталына кошсун;

- «Кыргыз дењизи» санаторийин «Кыргызалтын» акционердик коомунун

«Кыргыз дењизи санаторийи» деген филиалын түзүү менен «Кыргызалтын»

акционердик коомуна кошсун жана санаторийдин негизги каражаттарын

«Кыргызалтын» акционердик коомунун уставдык капиталына кошсун.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике

инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитети «Кадамжай сурьма

комбинаты» акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетин

«Кыргызалтын» акционердик коомунун оперативдүү башкаруусуна берсин

жана акционерлердин чогулушу аркылуу төмөнкүлөрдү жүргүзүү үчүн

мамлекеттик пакеттин менчик ээсинин укуктарын жана милдеттерин

«Кыргызалтын» акционердик коомуна бекитип берсин:

- «Кадамжай сурьма комбинаты» акционердик коомунун финансы-

экономикалык саясатын;

- «Кадамжай сурьма комбинаты» акционердик коомунун башкаруу

органдарын түзүүдө кадр саясатын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мурда кабыл алган чечимдерин бир

айлык мөөнөттө ушул Указга ылайык келтирсин.

4. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз

Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык саясат

бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул Указ кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаев
