# 8-берене. Чыгармачылык укугу

- Документ: [Маданият жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202499)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 7-апрелиндеги № 119 "Маданият жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 119
- Кабыл алынган күнү: 07.04.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202499/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202499/edition/788050/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202499/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маданият жөнүндө, 8-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202499/st-8

---

Кыргыз Республикасынын жарандары өзүнүн кызыгуусуна жана жөндөмдүүлүгүнө ылайык ишке ашыруунун формаларын жана ыкмаларын өз алдынча тандоо жолу менен көркөм чыгармачылык жүргүзүү, билим берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык гуманитардык жана көркөм билим алуу укугуна ээ. Мамлекет Кыргыз Республикасынын жарандарын алардын чыгармачылык ишине ар кандай кийлигишүүлөрдөн коргойт. Кесипкөйлүк же кесипкөйлүк эмес (ышкыбоздук) негизде чыгармачылык иш менен алектенүүгө болот.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202499/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202499/st-9)
