# 7-берене. Маданият жаатында менчикке укук

- Документ: [Маданият жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202499)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 7-апрелиндеги № 119 "Маданият жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 119
- Кабыл алынган күнү: 07.04.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202499/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202499/edition/788050/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202499/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маданият жөнүндө, 7-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202499/st-7

---

Кыргыз Республикасынын жарандары өзүнүн чыгармачылык ишинин натыйжалары боюнча автордук укукка ээ. Тарыхий-маданий мааниси жана илимий-көркөм баалуулуктары бар буюмзаттар: коллекциялар жана жыйнактар, элдик өнөр чеберлеринин чыгармалары, тарыхий-маданий курулмалар жана имараттар, эл турмушундагы тарыхий окуяларга байланышкан эстелик жайлар Кыргыз Республикасынын элинин жалпы байлыгы болуп эсептелет; алардын укуктук статусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Тарыхий-маданий мааниге ээ маданий баалуулуктарды сатып алуунун тартиби, ээлик кылуунун, пайдалануунун жана аларды тескөөнүн шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202499/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202499/st-8)
