# 6-берене. Маданият жаатындагы ишке укук

- Документ: [Маданият жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202499)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 7-апрелиндеги № 119 "Маданият жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 119
- Кабыл алынган күнү: 07.04.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202499/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202499/edition/788050/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202499/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маданият жөнүндө, 6-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202499/st-6

---

Кыргыз Республикасында маданий иштин эркиндигине, ар кандай мектептерди жана багыттарды өнүктүрүүгө кепилдик берилет. Кыргыз Республикасынын жарандары улутуна жана социалдык тегине, жынысына, саясий, диний жана башка ишенимине, жашаган жерине, мүлктүк абалына, билимине, кесибине же башка шарттарына карабастан маданият жаатында иш жүргүзүүгө укуктуу. Маданият жаатындагы иште жарандардын милдеттери:

- маданий мурастарды, элдик салттарды сактоо жөнүндө камкордук көрүү;

- тарых жана маданият эстеликтерин коргоого көмөктөшүү;

- ата-мекендик жана дүйнөлүк маданияттын баалуулуктарына аралаштыруу жолу менен балдарга жана жаштарга эстетикалык тарбия берүү жөнүндө камкордук көрүү;

- кыргыздардын жана Кыргыз Республикасында жашаган башка улуттун өкүлдөрүнүн тилин, маданиятын, салттарын жана үрп-адаттарын урматтоо.

Чыгармачыл кызматкерлер өз ыктыярлары менен жазуучуларды, журналисттерди, композиторлорду, архитекторлорду, сүрөтчүлөрдү, кинематографисттерди, дизайнерлерди, элдик өнөрчүлөрдү бириктирген чыгармачылык союздарга биригүүгө укуктуу. Чыгармачылык союздар искусствону өнүктүрүүгө жана таратууга, маданий деңгээлди калыптандырууга, жарандардын ар түрдүү көркөм баалуулуктарга тартылуусуна, чыгармачыл кызматкерлердин жана сүйүүчүлөрдүн кесипкөй чеберчиликтерин өркүндөтүүгө, алардын кызыкчылыктарын коргоого өбөлгө болууга чакырылган. Чыгармачыл союздардын укуктук абалы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202499/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202499/st-7)
