Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
44-берене. Эл аралык маданий алмашуулар
Күчүндө · 17.07.2026 редакциясы · 8-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 17 июля 2026 года № 112
Кыргыз Республикасы башка мамлекеттер менен эл аралык маданий алмашууларды өнүктүрүүгө көмөктөшөт. Эл аралык маданий алмашуулардын негизги багыттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- улуттук маданий жана тарыхый-маданий борборлорду түзүү жана колдоо;
- маданият жана искусство жаатындагы кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана такшалмадан өткөрүү;
- маданий баалуулуктарды жана маданий жыргалчылыктарды биргелешип жаратуу;
- уникалдуу тарых жана маданият эстеликтерин калыбына келтирүү;
- маданий иш үчүн жаңы технологияларды, техникалык каражаттарды, жабдууларды түзүү жана жайылтуу;
- окуу программалары, методикалык материалдар жана окуу-илимий адабият менен алмашуу;
- Кыргыз Республикасынын маданият күндөрүн, эл аралык маанидеги фестивалдарды, гастролдорду, көргөзмөлөрдү жана маданий иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү.
Маданият уюмдары чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар менен маданият чөйрөсүндө кызматташуунун кандай болбосун формасы жөнүндө келишимдерди (контракттарды) өз алдынча түзүүгө, тиешелүү эл аралык уюмдардын жана фонддордун ишине катышууга укуктуу. Эл аралык маданий алмашууну жүзөгө ашыруу тартиби ушул Мыйзам жана маданият жаатындагы Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдер менен аныкталат.
(КР 2026-жылдын 17-июлундагы № 112 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202499/st-44" title="44-берене - Маданият жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>