# 42-берене. Маданият кызматкерлерине эмгегине акы төлөөнүн кепилдиктери

- Документ: [Маданият жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202499)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 7-апрелиндеги № 119 "Маданият жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 119
- Кабыл алынган күнү: 07.04.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202499/st-42>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202499/edition/788050/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202499/st-42.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маданият жөнүндө, 42-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202499/st-42

---

Мамлекеттик маданият уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акынын кепилденген деңгээли жана дифферанциациялоо квалификациясына жана эмгегинин натыйжасына жараша камсыздалат. Маданият кызматкерлерине эмгек акы төлөө Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына ылайык белгиленет. Мамлекеттик маданият уюмдары колдо болгон каражаттардын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматтык маянага дифференциацияланган кошумчаларды өз алдынча белгилей алат, акы төлөөнүн жана эмгекке дем берүүнүн ар түрдүү прогрессивдүү формаларын колдонушат. Автордук сыйтөлөмдүн өлчөмү, акы төлөөнүн тартиби жана мөөнөтү автордук келишимде белгиленет. Илимий даражасы, "элдик", "эмгек сиңирген" деген ардак наамдары бар маданият кызматкерлерине кошумча төлөмдөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.

---

Мурунку берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202499/st-41)  
Кийинки берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202499/st-43)
