42-берене. Маданият кызматкерлерине эмгегине акы төлөөнүн кепилдиктери
Күчүндө · 17.07.2026 редакциясы · 7-глава
Мамлекеттик маданият уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акынын кепилденген деңгээли жана дифферанциациялоо квалификациясына жана эмгегинин натыйжасына жараша камсыздалат. Маданият кызматкерлерине эмгек акы төлөө Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына ылайык белгиленет. Мамлекеттик маданият уюмдары колдо болгон каражаттардын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматтык маянага дифференциацияланган кошумчаларды өз алдынча белгилей алат, акы төлөөнүн жана эмгекке дем берүүнүн ар түрдүү прогрессивдүү формаларын колдонушат. Автордук сыйтөлөмдүн өлчөмү, акы төлөөнүн тартиби жана мөөнөтү автордук келишимде белгиленет. Илимий даражасы, "элдик", "эмгек сиңирген" деген ардак наамдары бар маданият кызматкерлерине кошумча төлөмдөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
42-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202499/st-42" title="42-берене - Маданият жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>