# 36-берене. Маданият уюмдарынын финансылык ресурстары жана материалдык-техникалык базасы

- Документ: [Маданият жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202499)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 7-апрелиндеги № 119 "Маданият жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 119
- Кабыл алынган күнү: 07.04.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 июня 2016 года № 92 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О неналоговых платежах", "Об образовании", "О культуре")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111371)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202499#diff=788051..788052>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202499/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202499/edition/788050/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202499/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маданият жөнүндө, 36-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202499/st-36

---

Маданият уюмдары өздөрүнүн финансы чарбалык ишин өз алдынча жүргүзүшөт. Маданият уюмдарынын материалдык-техникалык базасы өз ичине курулуштарды, коммуникацияларды, машиналарды жана жабдыктарды, транспорттук, ошондой эле башка материалдык жана техникалык каражаттарды камтыйт. Мамлекеттик эмес маданият жана искусство уюмдарынын материалдык-техникалык базасы өздүк каражаттардын жана уюштуруунун каражаттарынын эсебинен өнүктүрүлөт. Мамлекеттик маданият жана искусство уюмдарынын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү аларга бекитилген бюджеттик жана өздүк каражаттардын чегинде ишке ашырылат. Мамлекеттик жана муниципалдык маданият уюмдарынын материалдык-техникалык базасы ижарага берилиши мүмкүн. Мамлекеттик жана муниципалдык маданият уюмдарынын материалдык-техникалык базасын ижарага берүүдөн алынган киреше Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бөлүштүрүлөт. (КР 2016-жылдын 29-июнундагы № 92 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202499/st-35)  
Кийинки берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202499/st-37)
