# 35-берене. Маданият уюмдарын финансылоонун булактары жана тартиби

- Документ: [Маданият жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202499)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 7-апрелиндеги № 119 "Маданият жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 119
- Кабыл алынган күнү: 07.04.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202499/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202499/edition/788050/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202499/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маданият жөнүндө, 35-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202499/st-35

---

Маданиятты жана искусствону финансылоо булактары болуп төмөндөгүлөр эсептелет:

- республикалык жана жергиликтүү бюджеттер;

- жеке жана юридикалык жактардын, чет өлкөлөрдүн жана уюштуруучу катары чыккан жарандардын каражаттары;

- маданият жана искусство уюмдарынын өздүк каражаттары;

- жеке жана юридикалык жактардын, анын ичинде чет элдиктердин ыктыярдуу кайрымдуулуктары жана максаттуу мүчөлүк акылары;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.

Кыргыз Республикасында маданият жаатындагы ишти колдоонун мамлекеттик кепилдиктеринин негизи болуп тиешелүү финансылык жылга республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн жыл сайын үч пайызынан кем эмес өлчөмдө каражат кароо эсептелет. Маданиятты финансылоого бөлүнгөн бюджеттик акча каражаттары бардык деңгээлдеги бюджеттерди түзүүдө өз алдынча сап менен бөлүнүп көрсөтүлөт. Кошумча финансылоо булактарын тартуу мамлекеттик маданият жана искусство уюмдарын мамлекеттик бюджеттен финансылоо өлчөмүн азайтууга алып келбейт. Мамлекеттик эмес маданият жана искусство уюмдарын финансылоо тартиби уюмду уюштуруучу тарабынан аныкталат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары маданият жаатындагы ишти уюштурууга кеткен чыгымдарды өз алдынча аныктоого жана маданият менен искусствонун бюджеттен финансылануучу мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысына кошумчаларды белгилөөгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202499/st-34)  
Кийинки берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202499/st-36)
