# 3-берене. Маданият жаатындагы мамлекеттик саясаттын принциптери

- Документ: [Маданият жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202499)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 7-апрелиндеги № 119 "Маданият жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 119
- Кабыл алынган күнү: 07.04.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202499/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202499/edition/788050/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202499/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маданият жөнүндө, 3-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202499/st-3

---

Маданият жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- Кыргызстан элинин руханий өнүгүшүнүн, адептүү тарбиясынын негиз салуучу факторлорунун бири катары маданияттын таанылышы;

- Кыргызстан элинин маданий мурастарын сактоо жана көбөйтүү жана алардын жолун жолдоочулугун камсыз кылуу;

- дүйнөлүк мейкиндикте улуттук маданияттын бүтүндүгүн сактоо жана түрдүү маданияттын жетишкендиктери менен аны байытуу;

- чыгармачылык иштин эркиндиги;

- маданий баалуулуктарды түзүүдө, пайдаланууда жана жайылтууда жарандардын укуктарынын жана мүмкүнчүлүктөрүнүн бирдейлиги;

- маданият жаатында башка өлкөлөр жана элдер менен кызматташуу үчүн укуктук негиздерди түзүү;

- маданиятты өнүктүрүүдө мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарды айкалыштыруу;

- маданиятты жана искусствону мамлекеттик колдоо;

- маданият жаатындагы ишти жүзөгө ашырууда жана маданий турмушка катышууда Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын камсыз кылуу жана коргоо, маданиятты мамлекеттик колдоо;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чыгармачылык союздарга жана башка коомдук бирикмелерге биригүү эркиндиги.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202499/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202499/st-4)
