# 20-берене. Маданий баалуулуктарды кайтарып алуу

- Документ: [Маданият жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202499)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 7-апрелиндеги № 119 "Маданият жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 119
- Кабыл алынган күнү: 07.04.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202499/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202499/edition/788050/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202499/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маданият жөнүндө, 20-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202499/st-20

---

Кыргыз Республикасы анын аймагынан мыйзамсыз чыгарылып кеткен маданий баалуулуктарды кайтарып алуу боюнча максаттуу саясат жүргүзөт. Кыргыз Республикасынын аймагында жаратылган же Кыргыз Республикасы жана анын жарандары тарабынан мыйзамдуу түрдө сатылып алынган бардык материалдык маданий баалуулуктар Кыргызстан элинин улуттук маданий кенчи болуп эсептелет. Кыргызстан элинин маданий кенчи болуп эсептелген, чет өлкөгө мыйзамсыз алынып кеткен бардык маданий баалуулуктар, качан алынып кеткен жагдайларына жана алардын кайсы жерде сакталып тургандыгына карабастан кайра кайтарылууга жатат. Маданий баалуулуктардын объекттерин Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүү жана анын чегинен сырткары алып чыгуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Убактылуу көргөзмөгө коюудан, гастролдук иштен, кайра калыбына келтирүү иштеринен, аны алгачкы жолу көрсөтүүдөн, эл аралык маданий акцияларды өткөрүүдөн башка учурларда маданий мурастардын өзгөчө маанилүү объектилерин республиканын чегинен тышкары жерлерге алып чыгууга тыюу салынат. Маданий мурастардын өзгөчө маанилүү объектилеринин өлкөнүн чегинен тышкары жерде болушунун мөөнөтү жылына алты айдан ашпоого тийиш.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202499/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202499/st-21)
