# 2-берене. Маданият жөнүндө мыйзамдар

- Документ: [Маданият жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202499)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 7-апрелиндеги № 119 "Маданият жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 119
- Кабыл алынган күнү: 07.04.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 июля 2026 года № 112 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О культуре"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049352)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202499#diff=788053..56772>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202499/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202499/edition/788050/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202499/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маданият жөнүндө, 2-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202499/st-2

---

Маданият жаатындагы мамилелер Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана башка нормативдик укук актылар, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат. Эгерде Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган эл аралык келишимде, ушул Мыйзамдагыдан башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат. Ушул Мыйзам маданият жаатындагы төмөндөгү тармактардын ишин жөнгө салат:

- Кыргыз Республикасынын элинин тарыхый-маданий мурастарын;

- көркөм адабият, кинематография, көркөм-сүрөт, сахна, музыка жана цирк искусствосу, архитектура жана дизайн, фотоискуссгво, искусствонун башка түрлөрүн жана жанрларын;

- элдик көркөм кол өнөрчүлүктү жана фольклорду;

- өздүк (ышкыбоздук) көркөм чыгармачылыкты;

- музей иштерин жана коллекция чогултууну;

- китепкана, архив иштерин;

- телекөрсөтүү, радио жана башка маданий баалуулуктарды түзүүчү жана жайылтуучу аудиовизуалдык каражаттарды;

- эстетикалык тарбия берүү жана көркөм билимди;

- эл аралык маданий алмашууларды;

- чыгармачыл жамааттардын гастролдорун өткөрүүнү;

- заманбап инновациялык технологияларды, техникалык каражаттарды түзүүнү жана аларды маданият чөйрөсүнө практикалык жайылтууну;

- маданият жаатындагы илимий изилдөөлөрдү;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган, маданий баалуулуктарды түзүүгө, сактоого, жайылтууга жана пайдаланууга багытталган башка иштерди.

(КР 2026-жылдын 17-июлундагы № 112 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202499/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202499/st-3)
