# 15-берене. Маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясы

- Документ: [Маданият жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202499)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 7-апрелиндеги № 119 "Маданият жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 119
- Кабыл алынган күнү: 07.04.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202499/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202499/edition/788050/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202499/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маданият жөнүндө, 15-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202499/st-15

---

Маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:

- маданият жана искусство жаатындагы мамлекеттик саясатты калыптандыруу жана жүзөгө ашыруу;

- искусствону жана маданиятты өнүктүрүүнүн социалдык, уюштуруу-укуктук жана экономикалык системасын өркүндөтүү;

- маданият жана искусство жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү;

- жарандардын улуттук жана дүйнөлүк маданий мурастарга аралашуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү;

- маданий баалуулуктарды алып чыгуу жана алып кирүү маселелерин жөнгө салуу;

- маданият жаатындагы кайрымдуулукту, меценаттыкты жана демөөрчүлүктү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;

- таланттуу жана шыктуу адамдардын чыгармачылык жактан өсүшүнө шарт түзүү;

- маданият жаатындагы илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү жана илимий долбоорлорду иштеп чыгууну жүргүзүү;

- маданият жана искусство чөйрөсүндө квалификациялуу кадрларды даярдоо;

- Кыргызстан элинин маданий мурастарын сактоо жана көбөйтүү;

- маданият жана искусство жаатындагы сиңирген эмгеги үчүн сыйлыктарды уюштуруу;

- маданият жана искусство чөйрөсүн маалыматтык камсыздоонун бирдиктүү мамлекеттик маалымат тутумун түзүү;

- маданият жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышын контролдоо;

- маданият чөйрөсүндө атаандаштыкка жарамдуу продукцияларды өндүрүүгө жана кызмат көрсөтүү үчүн шарттарды түзүү;

- маданият жана искусство уюмдарын түзүү жана өнүктүрүү;

- республиканын мамлекеттик маданий уюмдарынын ишин координациялоо;

- маданият маселелери боюнча менчик формасына карабастан чыгармачыл союздар жана башка уюмдар менен өз ара мамиле түзүү;

- Кыргыз Республикасынын чегинен сыртта жашаган мекендештер менен маданий байланыштарды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202499/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202499/st-16)
