# 14-берене. Маданият жаатындагы мамлекеттин милдеттери

- Документ: [Маданият жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202499)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 7-апрелиндеги № 119 "Маданият жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 119
- Кабыл алынган күнү: 07.04.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202499/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202499/edition/788050/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202499/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маданият жөнүндө, 14-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202499/st-14

---

Мамлекет төмөнкүлөргө көмөк көрсөтүүгө милдеттүү:

- Кыргыз Республикасында улуттук маданиятты кайра жаратууга, сактоого, өнүктүрүүгө жана жайылтууга;

- маданияттын жана искусствонун билим берүү мекемелер системасын өнүктүрүүнү колдоого;

- адабияттын жана искусствонун чыгармаларын түзүүгө жана аларды жайылтууга;

- ата мекендик жана дүйнөлүк искусствонун классикалык чыгармаларын жайылтууга;

- маданият жаагында ишти өнүктүрүүгө;

- Кыргызстан элинин маданий мурастарын сактоого;

- маданият тармагында Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн өзгөртүүгө, бүтүндүгүн бузууга пропагандалык жана агитациялык иштерди жүргүзүүгө, мамлекеттин коопсуздугуна шек келтирүүгө, согуш отун тутандырууга, социалдык, расалык, улуттук, диний, уруучулдук артыкчылыктарга, ошондой эле ташбоордук жана зордук-зомбулук кылууга жол бербей турган чараларды көрүүгө.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202499/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202499/st-15)
