1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 17.07.2026 редакциясы · 1-глава
Маданият - адамзат тарабынан түзүлгөн жана коомдун өнүгүшүнүн кандайдыр бир деңгээлин мүнөздөгөн материалдык жана рухий баалуулуктардын жыйындысы. Искусство - адабиятты, архитектураны, скульптураны, сүрөтчүлүктү, графиканы, декоративдик-колдонмо искусствону, музыканы, бийди, театрды, кинону жана башка адамзат ишинин түрлөрүн камтыган тиричиликтин формасын көркөм-образдуу чагылдырып бириктирген көркөм чыгармачылык. Маданият жаатындагы иш - маданий баалуулуктарды сактоого, түзүүгө, жайылтууга жана маданий баалуулуктарды пайдаланууга жана маданий жыргалчылыктарды берүүгө багытталган иш. Маданий баалуулуктар - адептүүлүк жана эстетикалык идеалдар, жүрүм-турумдун нормалары жана үлгүлөрү, тил жана диалектилер, улуттук каада-салттар жана үрп-адаттар, тарыхий топонимдер, фольклор, көркөм өнөр жана кол өнөрчүлүк, адабият жана искусствонун, элдик көркөм өнөрдүн чыгармалары, тарыхий-маданий мааниси бар имараттар, курулмалар, буюмдар жана технологиялар, тарыхий-маданий жагынан алганда сейрек учуроочу аймактар жана объектилер, илимий изилдөөлөрдүн натыйжалары жана методдору. Маданий жыргалчылык - жарандар менен жалпы коомчулуктун көркөм-эстетикалык муктаждыктарын канааттандыруу үчүн арналган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр. Маданий деңгээл - адамзат тарабынан иштелип чыккан маданияттын нормалары менен баалуулуктарын өздөштүрүүдөгү иштин натыйжасында жетишкен жеке инсандын, социалдык топтун, улуттук жана мамлекеттик жалпылыктардын, цивилизациялардын, жалпы коомчулуктун өнүгүү деңгээли. Чыгармачыл кызматкер - маданий байлыктарды түзгөн же чечмелеген, өзүнүн чыгармачылыгын өмүрүнүн ажырагыс бир бөлүгү катары эсептеген, чыгармачыл кызматчы катары таанылган же таанылышын талап кылган жеке адам. Маданият кызматкери - өзүнүн кесиптик ишин маданият жана искусство мекемелеринде жүргүзгөн жеке адам. Кыргызстандын элинин маданий мурастары - элдин улуттук-маданий өз алдынчалыгын, анын дүйнөлүк цивилизацияга салымын сактоо жана өнүктүрүү үчүн мааниси бар материалдык жана материалдык эмес байлыктар. Маданий мурастардын өзгөчө маанилүү объекттери - тарыхый-маданий жана жаратылыш комплекстери, архитектуралык ансамблдер жана курулмалар, маданият уюмдары, ошондой эле тарых, археология, маданият, архитектура, илим жана искусство көз карашынан алганда эталондук же уникалдык мүнөздөгү материалдык, интеллектуалдык көркөм баалуулуктагы башка объекттер. Фольклор - Кыргызстандын калкынын же анын айрым индивидуумдары тарабынан маданий салттарга негизделип түзүлгөн жана сакталып келген салттуу баалуулуктарды, дүйнө таанымды, Кыргызстандын маданий мурастарынын мүнөзүнүн өзгөчөлүктөрүн, анын маданий жана социалдык өз алдынчалыгын чагылдырган чыгармалардын жыйындысы. Элдик көркөм кол өнөрчүлүк - фольклордук көркөм буюмдарды жасап чыгаруу, элдик көркөм чыгармачылыктын түрлөрүнүн бири. Тарых жана маданият эстеликтери - маданий байлыктардын объектилери: калктын жашоосундагы тарыхый окуяларга, коомдун жана мамлекеттин өнүгүүсүнө, материалдык жана рухий чыгармачылыкка байланышкан, тарыхый, илимий, көркөм же башка маданий баалуулуктарды камтыган курулмалар, эстелик жайлар жана буюмзаттар. Өнүгүү программаларынын маданий аспектилери - социалдык-экономикалык, илимий-техникалык жана башка өнүгүү программаларын жүзөгө ашыруунун натыйжаларынын маданиятты сактоого жана өнүктүрүүгө тийгизген таасиринин келечеги, ошондой эле маданияттын өзүнүн ошол натыйжаларга тийгизген таасири. Маданият жаатындагы мамлекеттик саясат - коомдун өнүгүшү үчүн маданий баалуулуктарды түзүү, жайылтуу, сактоо жана пайдалануу боюнча мамлекет тарабынан жүргүзүлгөн максаттардын, принциптердин, нормалардын жана иш-чаралардын жыйындысы. Маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) - маданият жаатында мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу мамлекеттик аткаруу бийлигинин органы. Маданият уюму (мекемеси) - уюштуруу-укуктук формасына карабастан ишинин негизги түрү болуп маданий баалуулуктарды түзүү, сактоо, өздөштүрүү, жайылтуу жана сактоо, маданий жыргалчылыктарды калкка тартуулоо болуп эсептелген юридикалык жак. Чыгармачылык союз - жекече мүчөлүктүн негизинде түзүлгөн маданияттын бир, же бир нече жанрындагы кесипкөй маданият ишмерлеринин коомдук бирикмеси.
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2024-жылдын 3-июнундагы № 299 ("Маданият жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү функцияларды жана ыйгарым…Распоряжение · 03.06.2024 · № 299
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-ноябры № 797 "Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"…Постановление · 26.11.2012 · № 797 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202499/st-1" title="1-берене - Маданият жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>