# 9-берене. Диний уюмдун уставы жана миссиялардын жобосу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндо](https://aqlex.ai/kg/doc/202498)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 31-декабрындагы №282 "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндо" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 282
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 21 января 2025 года № 18 "О свободе вероисповедания и религиозных объединениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202498/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3915/edition/1061629/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202498/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндо, 9-берене (21.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202498/st-9

---

1. Диний уюм же миссия уставына (жобосуна) ылайык иштейт жана Кыргыз Республикасынын күчүндө турган мыйзамдарынын талаптарына жооп бериши керек.

Борбордук башкаруу органдары бар диний уюмдардын, миссиялардын уставдары (жоболору) жогору турган башкаруу органдары менен макулдашылууга тийиш.

2. Диний уюмдардын, миссиялардын уставында (жобосунда) төмөндөгүлөр камтылышы керек:

- диний уюмдун, миссиянын аталышы, жайгашкан жери, түрү жана өзүнүн ишин жүзөгө ашырып жаткан аймак;

- кайсы динди тутканы, предмети жана максаттары, ишинин милдеттери жана негизги формалары;

- диний уюмду жана миссияны түзгөн Уюштуруу кеңешинин жана анын мүчөлөрүнүн уставдык укуктары жана жоопкерчиликтери;

- уюмдун жана анын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери;

- ачуунун жана ишти токтотуунун тартиби;

- уюштуруу түзүмү, анын башкаруу органдары, аларды түзүүнүн тартиби, анын башкаруу органдарынын компетенциясы жана ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү;

- диний уюмдун уставына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүүнүн тартиби;

- уюмдун финансы каражаттарын жана башка мүлкүн топтоочу булактар;

- иши токтотулган учурда мүлккө ээлик кылуунун тартиби.

3. Диний уюмдун, миссиянын уставында (жобосунда) Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана күчүндө турган мыйзамдарына карама-каршы келген нормалар камтылышы мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202498/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202498/st-10)
