6-берене. Билим берүү жана дин
Күчүн жоготкон · 21.01.2025 редакциясы · 6-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 21 января 2025 года № 18.
1. Ар кандай түрдөгү жана деңгээлдеги билим алуу адамдарга алардын динге карата мамилесине карабастан берилет.
2. Диний окуу жайларын кошпогондо, билим берүү мекемелеринде диний уюмдарды түзүүгө жол берилбейт.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган диний уюмдар балдарга жана чоң кишилерге диний билим берүү үчүн уставдарына ылайык өзүнүн менчик каражаттарынан финансылануучу өздөрүнүн менчик имарат-жайларын пайдалануу менен диний окуу жайларын түзүүгө жана күтүүгө акылуу.
4. Диний уюмдар дин кызматкерлерин жана аларга зарыл диний кызматчыларды даярдоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте диний окуу жайларды ачууга акылуу.
5. Жогорку жана орто диний окуу жайларда окуу үчүн "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык милдеттүү жалпы орто билим алган жарандар кабыл алынат.
6. Диний окуу жайларда дин сабактарын окуткан адамдардын тиешелүү документтер менен күбөлөндүрүлгөн атайын диний (духовный) билими болууга жана өз ишин өздөрү турган диний уюмду башкаруучу тиешелүү органдын макулдугу боюнча ишке ашырууга тийиш.
7. Диний сабактарды билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде жеке тартипте берүүгө тыюу салынат.
8. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбесе, жалпы билим берүү мүнөзүндөгү дин таанытуучу сабактарды мамлекеттик окуу жайлардын программасына киргизсе болот.
9. Диний билим берүү уюмдары Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан окуу жайлардын бардык укуктарынан жана милдеттеринен пайдаланышат.
Берененин тексти 21.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 141 "Адам укуктары чөйрөсүндө БУУнун эл аралык келишимдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук баяндамалары жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 141 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202498/st-6" title="6-берене - Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндо (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>