# 3-берене. Ушул Мыйзам пайдаланылуучу негизги терминдер жана түшүнүктөр

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндо](https://aqlex.ai/kg/doc/202498)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 31-декабрындагы №282 "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндо" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 282
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 21 января 2025 года № 18 "О свободе вероисповедания и религиозных объединениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202498/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3915/edition/1061629/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202498/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндо, 3-берене (21.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202498/st-3

---

Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөндөгүдөй негизги терминдер жана түшүнүктөр пайдаланылат: кудайга табынуу - иштелип чыккан ырым-жырым жана диний окуунун талаптары боюнча дин кызматкерлери тарабынан жасалуучу табынуу каадаларынын жана иш-аракетинин жыйындысы; дин тутуу - салттуу табынуу тажрыйбасы бар кайсы бир динге таандык диний окуу; диний табынуу - дин кызматкерлеринин жана динге ишенгендердин өзгөчө ырым-жырымы, иш-аракети менен туюнтулуучу ар кандай диндеги милдеттүү элементтеринин бири; табынуу мүлкү - диний ырым-жырымдарды, каадаларды жана аземдерди жасоого зарыл предметтер, башка материалдык объектилер (имараттар, мечиттер жана чиркөө буюмдары ж.б.); миссия - өзүнүн диний ишенимин жайылтуу максатында өлкөгө келген чет өлкөнүн диний уюму же диний уюмдардын өкүлдөрү; миссионерлик иш-аракет - өзүнүн диний ишенимин жайылтууга багытталган иш-аракет; зыярат кылуу - динге ишенгендердин диндин маанилүү ыйык жерлерине барышы; прозелитизм - башка дин окууларын туткандарды өзүнүн динине киргизүүгө умтулуусу; дин - дүйнөгө көз караш жана дүйнө тааным, ошондой эле табияттан тышкаркы күчтөргө ишенүүгө негизделген тиешелүү жүрүм-турум жана өзгөчө иш-аракет (табынуу); диний иш-аракет - динге ишенгендердин диний муктаждыктарын канааттандырууга багытталган иш-аракет, диндерди жайылтуу, диний таалим-тарбия, кудайга табынуу иштерин, дуба кылуу жыйындарын өткөрүү, үгүт-насыят окуу, дин адистерин, дин кызматкерлерин окутуу, миссионерчилик, ошондой эле диний уюмдун табынуу ишин уюштуруучулук жана материалдык жактан камсыз кылууга багытталган дагы башка иш (диний адабиятты басып чыгаруу жана жайылтуу, табынуу буюмдарын жасоо жана жайылтуу, диний кызматчылар жана дин кызматкерлери үчүн тиешелүү кийим-кечек чыгаруу, дагы башка иш-аракеттер); диний ырым-жырымдар - диний түшүнүктөр камтылган диний окуу менен белгиленген иш-аракет жыйындысы; диний каадалар жана аземдер - ырым-жырым иш-аракеттерин жасоонун диний окууда белгиленген тартиби; дин тутуу эркиндиги - адамдын диний ынанымдарды тандап алуу, диний ишенимдерге ээ болуу, алмаштыруу, билдирүү жана жайылтуу, ушуларга ылайык мыйзамдарда тыюу салынбаган динге табынуу иштерине, ырым-жырымдарга, каадаларга катышуу укугу; дин кызматкери - тиешелүү диний уюм (бирикме) тарабынан диниятчылык, имамдык, пасторлук, үгүттөөчүлүк кызматын кылууга ыйгарым укук берилген адам; секта - негизги диний окуунун кайсы бир конфессиясынан бөлүнүп чыккан, аны менен макулдукка келбеген, коомдун кызыкчылыктарына кайдыгер караган жана каршы турган диний агым (жамаатчылык); диний символ - белгилүү бир динге таандык атрибут же буюм түрүндөгү таанытуу белгиси.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202498/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202498/st-4)
