# 22-берене. Диний адабияттар жана диний арналыштагы буюмдар

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндо](https://aqlex.ai/kg/doc/202498)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 31-декабрындагы №282 "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндо" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 282
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 21 января 2025 года № 18 "О свободе вероисповедания и религиозных объединениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 декабря 2012 года № 196 "О внесении дополнений и изменения в Закон Кыргызской Республики "О свободе вероисповедания и религиозных организациях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/203796)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202498#diff=1061630..1061631>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202498/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3915/edition/1061629/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202498/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндо, 22-берене (21.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202498/st-22

---

1. Диний уюмдар диний адабияттарды, башка басма, аудиовидеоматериалдарды, ошондой эле диний арналыштагы башка буюмдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чыгарууга, сатып алууга, Кыргыз Республикасынан чыгарып кетүүгө, Кыргыз Республикасына алып келүүгө, сактоого жана жайылтууга укуктуу.

2. Конституциялык түзүлүштү, коомдун адеп-ахлактык негиздерин өзгөртүүгө, диний өгөйлөнүүгө чакырыктар камтылган диний адабияттарды, башка басма, аудиовидеоматериалдарды алып келүүгө, даярдоого, сактоого, ташууга жана жайылтууга тыюу салынат.

3. Дин иштери боюнча мамлекеттик орган диний адабияттарга, башка басма, аудиовидеоматериалдарга дин таануу экспертизасын дайындоого укуктуу.

Диний адабияттар китепкана фондуларына түшкөн учурда мамлекеттик дин таануу экспертизасы милдеттүү түрдө жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган диний уюмдар мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кайрылуулары боюнча басма сөздө, кинофотоаудиовидео продукцияларда жана башка материалдарда диний экстремизмдин элементтери бар экени жөнүндө түшүндүрмө берүүгө укуктуу.

4. Диний уюмдар өздөрүнүн иш-аракеттерин жүзөгө ашырууда өздөрүнүн толук аталыштарын жана конфессиялык тийиштүүлүгүн көрсөтүүгө милдеттүү.

5. Диний уюмдар чыгарган адабияттарда, башка басма, аудиовидеоматериалдарда алардын толук аталышын жана конфессиялык тийиштүүлүгүн камтыган маркировка болушу керек.

6. Диний адабияттарды, диний мазмундагы аудио, видео жана башка материалдарды жайылтуу иши диний уюмдарга менчик укугунда таандык болгон, ошондой эле белгиленген тартипте ушул максатта жергиликтүү мамлекеттик администрациялар бөлүп берген жайларда жүргүзүлүшү мүмкүн.

Диний мүнөздөгү адабияттарды, басма, аудиовидеоматериалдарды коомдук жайларда (көчөлөрдө, сейил бактарда) жайылтууга, квартираларды, балдар мекемелерин, мектептерди жана жогорку окуу жайларды кыдырып таркатууга тыюу салынат.

7. Жарандар жана диний уюмдар өздөрү тандаган тилдеги диний адабияттарды, ошого тете эле диний арналыштагы башка предметтерди жана материалдарды кудайга табынуу жайларында жана атайын дүкөндөрдө гана сатып алууга жана пайдаланууга укуктуу.

8. Диний экстремизмдин, сепаратизмдин жана фундаментализмдин идеяларын камтыган басылмаларды, кинофотоаудиовидео продукцияларды жана башка материалдарды алып келүү, даярдоо, сатып алуу, ташуу, кайра жөнөтүү, сактоо жана таратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.

9. Диний экстремизмдин, сепаратизмдин жана фундаментализмдин идеяларын камтыган басылмаларды, кинофотоаудиовидео продукцияларды жана башка материалдарды алып келүүнү, даярдоону, сатып алууну, ташууну, кайра жөнөтүүнү, сактоону жана таратууну контролдоо дин иштери, улуттук коопсуздук жана ички иштер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.

(КР 2012-жылдын 7-декабрындагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202498/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202498/st-23)
