# 21-берене. Диний каадалар, ырым-жырымдар, аземдер

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндо](https://aqlex.ai/kg/doc/202498)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 31-декабрындагы №282 "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндо" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 282
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 21 января 2025 года № 18 "О свободе вероисповедания и религиозных объединениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 июня 2011 года № 46 "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "О свободе вероисповедания и религиозных организациях в Кыргызской Республике""](https://aqlex.ai/kg/doc/203290)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202498#diff=1061629..1061630>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202498/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3915/edition/1061629/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202498/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндо, 21-берене (21.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202498/st-21

---

1. Кудайга табынуулар, диний каадалар, ырым-жырымдар жана аземдер табынуу имараттарында, курулуштарында жана аларга таандык аймактарда, зыярат жайларында, көрүстөндөрдө өткөрүлөт.

Диний сыйынууларды жана чогулуштарды өткөрүү үчүн диний уюмдар буга жарактуу жайларды карап-күтүүгө, ошондой эле бул же тигил дин үчүн ыйык деп эсептелген зыярат жайларына камкордук кылууга жана аларды пайдаланууга укуктуу. 1-1. Сауд Аравия Королдугунун аймагындагы ыйык жерлерге Кыргыз Республикасынын жарандарынын зыяратка баруусун (ажы, умра) уюштуруу жана ал үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген тартипте катталган Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгына жүктөлөт.

2. Карылар жана майыптар үйлөрүндө, алдын ала камоо жана жазаны өтөө жайларында диний каадалар, ырым-жырымдар жана аземдер аларда турган жарандардын өтүнүчү боюнча жана администрация бул максат үчүн атайын бөлүп берген жайда өткөрүлөт. Бул мекемелерде турган адамдар тыюу салынбаган диний адабияттарды жана табынуу буюмдарын эгерде бул алардын денсоолугуна зыян келтирбесе жана башка адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу мүдөөлөрүн кысмакка албаса, ээлеши, алышы, сатып алышы жана пайдаланышы мүмкүн.

Бул мекемелердин администрациясы дин иштери боюнча мамлекеттик орган менен макулдашып дин кызматчыларын чакырууга көмөк көрсөтөт, диний каадаларды, ырым-жырымдарды жана аземдерди өткөрүүнүн убагын жана башка шарттарын аныктоого катышат.

3. Атайын арналбаган жайларда кудайга сыйынууларды, диний каадаларды, ырым-жырымдарды жана аземдерди, ошондой эле башка массалык иш-чараларды өткөрүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлүшү мүмкүн.

4. Диний уюмдар дин тутунгандардан мажбурлап акчалай жыйым чогултууга жана алардан алым алууга, ошондой эле аларга карата адамдын ар-намысына жана аброюна шек келтирген чараларды көрүүгө укуксуз.

5. Мусулмандар үчүн мусулманчылыктын байыркы каадасына - сүннөткө отургузууга жана мусулманчылык адаты боюнча мечитте, үй бүлөдө нике кыюуга, ошондой эле христиандар үчүн крещениеге, жарандык каттоого алуу менен чиркөөдө нике кыюуга жол берилет.

(КР 2011-жылдын 15-июнундагы № 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202498/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202498/st-22)
