# 17-берене. Диний уюмдардын, миссиялардын жана диний окуу жайлардын өндүрүштүк-чарбалык иш-аракети

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндо](https://aqlex.ai/kg/doc/202498)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 31-декабрындагы №282 "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндо" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 282
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 21 января 2025 года № 18 "О свободе вероисповедания и религиозных объединениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202498/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3915/edition/1061629/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202498/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндо, 17-берене (21.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202498/st-17

---

1. Диний уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, чарба жүргүзүүчү субъектилерди, ошондой эле кайрымдуулук жайларын (баш калка жайлар, интернаттар, ооруканалар) жана башка ишканаларды уюштурууга укуктуу.

2. Диний уюмдар өздөрүнүн уставдык максаттарына жетишүү үчүн чарбалык, анын ичинде өндүрүштүк иш-аракеттерди жүргүзүү укугуна ээ болот.

3. Диний уюмдардын өндүрүштүк иш-аракеттен алган пайдасына жана башка кирешелерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык салынат.

4. Түшкөн финансылык каражаттар, кайыр салымдар, гуманитардык жардамдар жана башка мүлктөр диний уюмдун, миссиянын бухгалтериялык документтеринде милдеттүү тартипте эсепке алынат.

5. Диний уюмдардын жана миссиялардын финансылык-бухгалтериялык отчеттуулугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

6. Диний уюмдардын, миссиялардын жана диний окуу жайлардын финансылык-бухгалтериялык отчеттуулугуна контролдук кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202498/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202498/st-18)
