# 15-берене. Диний уюмдардын, миссиялардын жана диний окуу жайлардын менчиги

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндо](https://aqlex.ai/kg/doc/202498)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 31-декабрындагы №282 "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндо" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 282
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 21 января 2025 года № 18 "О свободе вероисповедания и религиозных объединениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202498/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3915/edition/1061629/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202498/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндо, 15-берене (21.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202498/st-15

---

1. Диний уюмдардын, миссиялардын жана диний окуу жайлардын менчигинде имараттар, курулуштар, табынуу буюмдары, өндүрүштүк, социалдык жана кайрымдуулук арналыштагы объектилер, акчалай каражаттар жана алардын иш-аракетин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка мүлктөр болушу мүмкүн.

2. Диний уюмдар, миссиялар жана диний окуу жайлар өз каражаттарынын, жарандар, коомдук уюмдар кайыр салым катары берген (мураска калтырган) каражаттардын эсебинен алынган же түзүлгөн мүлктөргө карата, ошого тете жана мыйзамда каралган башка негиздер боюнча алынган мүлктөргө карата да менчик укугуна ээ болушат.

3. Диний уюмдар, миссиялар жана диний окуу жайлар финансылык жана башка кайыр салымдарын берүү өтүнүчү менен кайрылууга жана аларды алууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202498/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202498/st-16)
