# 14-берене. Алар мыйзамдарды бузган учурда диний уюмду, миссияны, диний окуу жайды жоюу жана алардын иш-аракетине тыюу салуу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндо](https://aqlex.ai/kg/doc/202498)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 31-декабрындагы №282 "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндо" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 282
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 21 января 2025 года № 18 "О свободе вероисповедания и религиозных объединениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202498/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3915/edition/1061629/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202498/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндо, 14-берене (21.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202498/st-14

---

Диний уюмдар төмөнкү тартипте жоюлат:

- алардын түзүүчүлөрүнүн же диний уюмдун уставы буга ыйгарым укук берген органдын чечими боюнча;

- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, ушул Мыйзамдын жана башка мыйзамдардын ченемдери бир нече ирет бузулганда же диний уюм тарабынан өзүнүн уставдык максаттарына каршы келген иш-аракеттер дайыма жүргүзгөн учурларда соттун чечими боюнча.

2. Сот тартибинде диний уюмду жоюу, диний уюмдун, миссиянын иш-аракетине тыюу салуу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- коомдук коопсуздукту жана коомдук тартипти бузуу, мамлекеттин коопсуздугуна зыян келтирүү;

- Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүш негиздерин күч менен өзгөртүүгө жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузууга багытталган аракеттер;

- куралданган топторду түзүү;

- согушту пропагандалоо, социалдык, расалык, улуттук же диний араздашуулары көкүтүү, адамзатты жектөөгө чакыруу;

- үй-бүлөнү бузууга мажбурлоо жана мунун натыйжасында үй-бүлөнүн бузулушу;

- адамдын керт башына, жарандардын укуктарына жана эркиндиктерине асылуу;

- жарандардын адеп-ахлагына, саламаттыгына мыйзамда каралган залалдарды келтирүү, анын ичинде алардын диний иш-аракетине байланышта баңги жана психотроптук каражаттарды, гипнозду колдонуу менен залал келтирүү, жосунсуз жана башка укукка каршы аракеттерди жасоо;

- өзүн өзү өлтүрүүгө же болбосо өмүрү жана ден соолугу кооптуу абалда турган адамдарга медициналык жардам көрсөтүүдөн диний жүйө менен баш тартууга үгүттөө;

- милдеттүү билим алууга тоскоолдук кылуу;

- диний уюмдун мүчөлөрүн жана диний уюмдун жолун жолдоочуларды жана башка адамдарды өздөрүнө таандык мүлктөрдү диний уюмдун пайдасына ажыратып берүүгө мажбурлоо;

- жарандын өмүрүн, ден соолугун, мүлкүн зыянга учуратабыз деп коркутуу, эгерде аны жүзөгө ашыруунун чыныгы кооптуулугу болсо же күч колдонуу, башка укукка каршы аракеттер аркылуу анын диний уюмдан чыгуусуна тоскоолдук кылуу;

- жарандарды мыйзамдарда белгиленген жарандык милдеттерин аткаруудан баш тартууга жана башка укукка каршы аракеттерди жасоого үгүттөө.

3. Диний уюмдарды эсептик каттоого алууну жүзөгө ашыруучу дин иштери боюнча мамлекеттик орган жана прокуратура органдары диний уюмду жоюу же болбосо диний уюмдун иш-аракетине тыюу салуу жөнүндө сунушту сотко киргизүүгө укуктуу.

4. Жоюлуучу диний уюмдун юридикалык жак катары укукка жарамдуулугу токтотулат, ал эми көрсөтүлгөн диний уюмдун мүлкү анын уставына жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык бөлүштүрүлөт.

5. Диний уюмду сот тартибинде жоюунун негиздери жана тартиби миссиянын жана диний окуу жайдын иш-аракетине тыюу салууга карата да колдонулат.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202498/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202498/st-15)
