# 13-берене. Диний окуу жайды эсептик каттоого алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндо](https://aqlex.ai/kg/doc/202498)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 31-декабрындагы №282 "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндо" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 282
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 21 января 2025 года № 18 "О свободе вероисповедания и религиозных объединениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 22 мая 2021 года № 63 "О внесений изменений в Закон Кыргызской Республики «О свободе вероисповедания и религиозных организациях в Кыргызской Республике»"](https://aqlex.ai/kg/doc/112233)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202498#diff=1061633..1061634>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202498/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3915/edition/1061629/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202498/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндо, 13-берене (21.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202498/st-13

---

1. Диний окуу жайлар дин иштери боюнча мамлекеттик органда милдеттүү түрдө эсептик каттоого алынууга жатат.

Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген тартипте эсептик каттоодон өтпөй туруп диний окутууга тыюу салынат.

2. Диний окуу жайларды эсептик каттоого алуу үчүн уюштуруучу төмөнкүлөрдү берет:

- диний окуу жайдын уюштуруучу (уюштуруучулар) тарабынан бекитилген, мамлекеттик жана расмий тилдерде төрт нускада түзүлгөн уставы;

- уюштуруу чогулушунун протоколу, диний окуу жайды түзүү жөнүндө чечим же буйрук (уюштуруу келишими);

- диний окуу жайын уюштуруунун демилгечилеринен болуп эсептелишкен жана уставдын алкагында мыйзам алдында жоопкер жарандардын, уюштуруу кеңешинин мүчөлөрүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн (алардын фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган датасын, жарандыгын, турган жерин, паспортунун номерин жана сериясын, качан жана кайдан берилгендигин көрсөтүү менен) тизмеси;

(КР 2021-жылдын 22-майындагы № 63 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2020-жылдын 30-сентябрындагы N 06-р чечими

- уюштуруучунун (уюштуруучулардын) уставынын, диний уюм катары мамлекеттик каттоого алуу тууралу күбөлүгүнүн нотариалдык ырасталган көчүрмөлөрү;

- уюштуруучу (уюштуруучулар) тарабынан бекитилген окутуу программасы, окутуучулар курамынын сапаттык көрсөткүчү;

- тийиштүү кызматтар (санитардык-эпидемиологиялык, өрттөн сактануу) берген маалымкат-корутунду, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы диний окуу жайга өзүнүн иш-аракетин жүзөгө ашыруу үчүн берген уруксат;

- финансылык ресурстарынын бар экендиги жөнүндө ырастоо;

- окутуучулардын сапаттык курамы.

3. Эсептик каттоодон өткөндөн кийин диний окуу жайына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилет.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202498/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202498/st-14)
