13-берене. Диний окуу жайды эсептик каттоого алуу
Күчүн жоготкон · 21.01.2025 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 21 января 2025 года № 18.
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 22 мая 2021 года № 63
1. Диний окуу жайлар дин иштери боюнча мамлекеттик органда милдеттүү түрдө эсептик каттоого алынууга жатат.
Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген тартипте эсептик каттоодон өтпөй туруп диний окутууга тыюу салынат.
2. Диний окуу жайларды эсептик каттоого алуу үчүн уюштуруучу төмөнкүлөрдү берет:
- диний окуу жайдын уюштуруучу (уюштуруучулар) тарабынан бекитилген, мамлекеттик жана расмий тилдерде төрт нускада түзүлгөн уставы;
- уюштуруу чогулушунун протоколу, диний окуу жайды түзүү жөнүндө чечим же буйрук (уюштуруу келишими);
- диний окуу жайын уюштуруунун демилгечилеринен болуп эсептелишкен жана уставдын алкагында мыйзам алдында жоопкер жарандардын, уюштуруу кеңешинин мүчөлөрүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн (алардын фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган датасын, жарандыгын, турган жерин, паспортунун номерин жана сериясын, качан жана кайдан берилгендигин көрсөтүү менен) тизмеси;
(КР 2021-жылдын 22-майындагы № 63 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2020-жылдын 30-сентябрындагы N 06-р чечими
- уюштуруучунун (уюштуруучулардын) уставынын, диний уюм катары мамлекеттик каттоого алуу тууралу күбөлүгүнүн нотариалдык ырасталган көчүрмөлөрү;
- уюштуруучу (уюштуруучулар) тарабынан бекитилген окутуу программасы, окутуучулар курамынын сапаттык көрсөткүчү;
- тийиштүү кызматтар (санитардык-эпидемиологиялык, өрттөн сактануу) берген маалымкат-корутунду, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы диний окуу жайга өзүнүн иш-аракетин жүзөгө ашыруу үчүн берген уруксат;
- финансылык ресурстарынын бар экендиги жөнүндө ырастоо;
- окутуучулардын сапаттык курамы.
3. Эсептик каттоодон өткөндөн кийин диний окуу жайына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилет.
Берененин тексти 21.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 22 мая 2021 года № 63 "О внесений изменений в Закон Кыргызской Республики «О свободе вероисповедания и религиозных организациях в Кыргызской Республике»"Редакцияларды салыштыруу
22.05.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…уюштуруу кеңешинин мүчөлөрүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн алынып салынды: жана жергиликтүү кеңеш менен макулдашылган (алардын фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган датасын, … сериясын, качан жана кайдан берилгендигин көрсөтүү менен) тизмеси;
кошулду: (КР 2021-жылдын 22-майындагы № 63 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2020-жылдын…
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2020-жылдын 30-сентябрындагы № 06-р "Аскар кызы Жанаранын кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасында дин…Решение · 30.09.2020 · № 06-р
- Токмок шааардык кеңешинин 2015-жылдын 19 февралындагы №144/18-3 "Медресе ачууга макулдук берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.02.2015 · № 144/18-3
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202498/st-13" title="13-берене - Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндо (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>