# 12-берене. Дин ишин жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасына келип жаткан чет өлкөлүк жарандарды (миссионерлерди) эсептик каттоого алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндо](https://aqlex.ai/kg/doc/202498)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 31-декабрындагы №282 "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндо" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 282
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 21 января 2025 года № 18 "О свободе вероисповедания и религиозных объединениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 22 мая 2021 года № 63 "О внесений изменений в Закон Кыргызской Республики «О свободе вероисповедания и религиозных организациях в Кыргызской Республике»"](https://aqlex.ai/kg/doc/112233)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202498#diff=1061633..1061634>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202498/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3915/edition/1061629/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202498/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндо, 12-берене (21.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202498/st-12

---

1. Дин ишин жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жаран (мындан ары - миссионер) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дин иштери боюнча мамлекеттик орган тарабынан эсептик каттоого алуудан өтөт.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында миссионердик иш-аракетти чакыруусу жана тиешелүү жолдомосу бар, катталган диний уюмдун атынан келген миссионер жүргүзүүгө укуктуу болот.

Миссионер Кыргыз Республикасынын аймагында үч жылдан ашпаган мөөнөткө болууга укуктуу.

3. Миссионер дин иштери боюнча мамлекеттик органга эсептик каттоого алуудан өтүш үчүн арыз берет.

Арызга төмөндөгүлөр тиркелет:

1) анкета;

2) кирүү-чыгуу визалары жол-жоболоштурулган паспорттун көчүрмөсү;

3) миссионердин Кыргыз Республикасынын аймагында болуу мөөнөтү көрсөтүлгөн, мамлекеттик же расмий тилге котормосу нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн жогору турган уюмдун жолдомосу;

4) Кыргызстанга миссионерди чакырышкан, диний уюмду жана миссияны түзүүнүн демилгечилеринен болуп эсептелишкен жана уставдын алкагында миссионердин иш-аракети үчүн мыйзам алдында жоопкер жарандардын, уюштуруу кеңешинин мүчөлөрүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн (алардын фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган датасын, жарандыгын, турган жерин, паспортунун номерин жана сериясын, качан жана кайдан берилгендигин көрсөтүү менен) тизмеси.

(КР 2021-жылдын 22-майындагы № 63 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2020-жылдын 30-сентябрындагы N 06-р чечими

4. Дин иштери боюнча мамлекеттик орган бир айдын ичинде чет өлкөлүк жаранды (миссионерди) эсептик каттоого алуу жөнүндө арызды карап, тиешелүү чечим чыгарат.

Дин иштери боюнча мамлекеттик орган тапшырылган документтерде камтылган маалыматтардын ишенимдүүлүгүн текшерүүгө, тиешелүү мамлекеттик органдар же өкмөттүк эмес уюмдар аркылуу кошумча маалыматтарды суратып алууга, ошондой эле арыз ээсинин уюштуруу документтерин дин таануу экспертизасына жиберүүгө укугу бар. Бул учурда арызды кароо дагы бир айлык мөөнөткө узарылат.

5. Каттоонун жыйынтыктары боюнча миссионерге бир жылдан ашпаган мөөнөткө белгиленген үлгүдөгү эсепке алуу каттоосу жөнүндөгү күбөлүк берилет. Көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин миссионер ушул Мыйзамда белгиленген тартипте дин иштери боюнча мамлекеттик органда кайра эсептик каттоого алуудан өтөт.

6. Эгерде анын иш-аракети коомдук коопсуздукка жана тартипке, этнос аралык жана конфессия аралык ынтымакка, калктын саламатчылыгына жана адеп-ахлагына коркунуч туудурса, миссионерди эсепке алуу каттоосунан баш тартылышы мүмкүн.

Эсепке алуу каттоосунан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда бул тууралу арыз ээсине баш тартуунун негиздерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө кабар берилет. Бул чечим сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.

7. Миссионерлерге күбөлүктөр берилип жаткан учурда Кыргыз Республикасында болуунун тартиби, анын ичинде каттоонун тартиби түшүндүрүлөт, ошондой эле аларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык визаларды узартуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасында болуунун тартибин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертилет.

8. Миссионерлерге визаларды ачуу дин иштери боюнча мамлекеттик орган менен макулдашылып, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан жүзөгө ашырылат.

9. Тиешелүү мамлекеттик органдын уруксатысыз миссионердин эмгек же жеке ишкердик менен алектенишине жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202498/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202498/st-13)
