# 4-берене. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоого

- Документ: [Машиналарды жана жабдууларды коопсуз эксплуатациялоо жана утилдештирүү жөнүндө" жалпы техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/202496)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 29-декабрындагы № 280 "Машиналарды жана жабдууларды коопсуз эксплуатациялоо жана утилдештирүү жөнүндө" жалпы техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 280
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111115)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202496/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3914/edition/628624/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202496/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Машиналарды жана жабдууларды коопсуз эксплуатациялоо жана утилдештирүү жөнүндө" жалпы техникалык регламент, 4-берене (02.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202496/st-4

---

киргизүүнүн шарттары

1. Машиналардын жана жабдууларды эксплуатациялоого киргизүүдө ма-

шиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоого жол берүүнүн төмөнкү шарт-

тары аткарылууга (камсыз болууга) тийиш:

1) кызматчылардын кесиптик даярдыгы боюнча талаптардын (тийиштүү

квалификациясы жана адистиги) аткарылышы;

2) машиналарды жана жабдууларды жайгаштыруу жана орнотуу боюнча

талаптардын аткарылышы;

3) коопсуздук белгилери менен сигналдык белгилемелерди кошо алган-

да эксплуатациялоо орунун жарыктандыруу боюнча талаптардын аткарылышы;

4) машиналарды жана жабдууларды штаттык эксплуатациялоодо зыяндуу

факторлордун кызматчыларга таасир этүүсүнүн мүмкүн болгон дењгээлин

аныктоо, ушул Техникалык регламенттин 4 жана 5-беренелерине ылайык экс-

плуатанттан кызматчылардын коопсуздугун камсыз кылуу принциптерин жана

ыкмаларын тандашы жана жүзөгө ашырышы;

5) машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процессинде келип

чыгуучу коркунучтуу жана зыяндуу факторлордон кызматчылардын өмүрүнүн,

ден соолугунун жана мүлкүнүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында жалпы

жана атайын Техникалык регламенттерде белгиленген талаптардын аткарылы-

шы;

6) машиналарды жана жабдууларды орнотуу жана эксплуатациялоо про-

цессинде келип чыгуучу коркунучтуу жана зыяндуу факторлордун таасиринен

коргоо максатында адам өмүрүнүн, ден соолугунун жана мамлекеттик же му-

ниципалдык мүлктүн, машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо про-

цесстерине катышпаган жеке адамдардын жана юридикалык тараптардын

мүлкүнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жалпы жана атайын техникалык

регламенттерде белгиленген талаптарды аткаруу;

7) машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процессинде келип

чыгуучу коркунучтуу жана зыяндуу факторлордун таасиринен коргоо макса-

тында айлана-чөйрөнү, жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн өмүрүн же ден соо-

лугун коргоо боюнча жалпы жана атайын техникалык регламенттерде белги-

ленген талаптарды аткаруу;

8) долбоорлоочунун жана/же жасоочунун эксплуатациялык документте-

ринин жана/же эксплуатант тарабынан иштелип чыккан эксплуатациялык до-

кументтердин болушу;

9) аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органынын атайын Техникалык

регламенттерде белгиленген учурларда жана тартипте машиналарды, жабдуу-

ларды эксплуатациялоого киргизүүгө берген уруксатынын болушу.

2. Ушул берененин 5-8-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн шарттардын аткары-

лышы машиналар жана жабдуулар белгиленген тартипте дал келүүсүн баалоо

жол-жобосунан өткөндүгүн ырастаган документтердин болушу менен тастык-

талууга тийиш.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202496/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202496/st-5)
