# 2-берене. Техникалык жөнгө салуунун объектилери жана аларды

- Документ: [Машиналарды жана жабдууларды коопсуз эксплуатациялоо жана утилдештирүү жөнүндө" жалпы техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/202496)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 29-декабрындагы № 280 "Машиналарды жана жабдууларды коопсуз эксплуатациялоо жана утилдештирүү жөнүндө" жалпы техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 280
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111115)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202496/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3914/edition/628624/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202496/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Машиналарды жана жабдууларды коопсуз эксплуатациялоо жана утилдештирүү жөнүндө" жалпы техникалык регламент, 2-берене (02.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202496/st-2

---

идентификациялоо тартиби

1. Бул Техникалык регламенттин техникалык жөнгө салуу объектилери

(1-статьянын 2-бөлүгүндө аныкталган талаптарды эске алуу менен жана

1-берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн объектилерди кошпогондо) төмөнкүлөр

болуп саналат:

1) машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоонун ар кандай про-

цесстери;

2) машиналарды жана жабдууларды утилдештирүүнүн ар кандай процесс-

тери.

2. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процесстерин иден-

тификациялоо машиналар жана жабдуулар аткарган иштерди жана эксплуата-

циялоо документтеринде алдын ала каралган иштер менен салыштыруу аркы-

луу жүргүзүлөт. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процессте-

рин идентификациялоо максаттары үчүн эксплутациялоочу, башка кызыкдар

тарап машиналар жана жабдуулар менен төмөнкү иштердин бири аткарыла

тургандыгына ынанууга тийиш:

1) машиналар жана жабдуулар эксплуатациялоого киргизилет;

2) машиналар жана жабдуулар арналышы боюнча колдонулат;

3) машиналарды жана жабдууларды техникалык тейлөө жана\\же оњдоо

(эксплуатациялоодон чыгарылбастан) жүргүзүлөт;

4) машиналар жана жабдуулар эксплуатациялоодон чыгарылат.

3. Машиналарды жана жабдууларды утилдештирүү процесстерин иденти-

фикациялоо машиналар жана жабдуулар аткарган иштерди жана эксплуатация-

лоо документтеринде алдын ала каралган иштер менен салыштыруу аркылуу

жүргүзүлөт. Машиналарды жана жабдууларды утилдештирүү процесстерин

идентификациялоо максаттары үчүн эксплутациялоочу, башка кызыкдар тарап

машиналар жана жабдуулар аткарып жаткан иштердин (операциялардын) на-

тыйжасында аларды андан ары эксплуатациялоо мүмкүн эмес экендигине ына-

нууга тийиш.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202496/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202496/st-3)
