# 14-берене. Техникалык тейлөөнү уюштуруу жана машиналар менен

- Документ: [Машиналарды жана жабдууларды коопсуз эксплуатациялоо жана утилдештирүү жөнүндө" жалпы техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/202496)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 29-декабрындагы № 280 "Машиналарды жана жабдууларды коопсуз эксплуатациялоо жана утилдештирүү жөнүндө" жалпы техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 280
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111115)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202496/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3914/edition/628624/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202496/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Машиналарды жана жабдууларды коопсуз эксплуатациялоо жана утилдештирүү жөнүндө" жалпы техникалык регламент, 14-берене (02.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202496/st-14

---

жабдууларды оњдоо боюнча талаптар

1. Эксплуатант тарабынан машиналарды жана жабдууларды техникалык

тейлөө жана оњдоо уюштурулушу же алар алмаштырылышы керек.

2. Техникалык тейлөөнүн көлөмү машиналарды жана жабдууларды экс-

плуатациялоонун коопсуздугун кармоо жана ушул техникалык регламентте,

атайын техникалык регламенттерде, эксплуатациялык документтерде карал-

ган алмашып туруучу жумуш шарттарынын чегине ылайыктоо муктаждыгы менен

аныкталышы керек.

3. Машиналардын жана жабдуулардын айрым түрлөрү үчүн оњдоонун мез-

гилдүүлүгү жана анын бардык түрлөрү, эгер башкасы атайын техникалык

регламентте каралбаса, долбоорлоочунун жана/же даярдоочунун эксплуата-

циялык документтерине ылайык белгиленет.

4. Долбоорлоочу жана/же даярдоочу тарабынан аныкталган тийиштүү

талаптарды эске алуу менен техникалык диагностоонун жыйынтыгы боюнча

машиналардын жана жабдуулардын абалына карата оњдоонун мезгилдүүлүгүн

өзгөртүүгө мүмкүндүк берилет.

5. Технологиялык комплекске тикелей байланыштуу машиналарды жана

жабдууларды оњдоо акыркыларды оњдоо менен бир убакта жүргүзүлөт.

6. Машиналарды жана жабдууларды конструкциялык өзгөртүү техникалык

регламенттерге, даярдоочунун жана/же долбоорлоочунун эксплуатациялык

документтерине ылайык белгиленген чекте жүргүзүлөт.

7. Оњдоодон кийин машиналарды, жабдууларды эксплуатацияга берүүдө

каралган жумуштардын бардыгынын аткарылышы, атайын техникалык регла-

ментте жана/же даярдоочунун жана/же долбоорлоочунун эксплуатациялык до-

кументтеринде каралган оњдоонун отчеттук техникалык документтеринин бо-

луусу текшерилиши керек.

8. Оњдоодон кийин машиналарды жана жабдууларды эксплуатацияга

берүү атайын техникалык регламенттин, даярдоочунун жана/же долбоорлоо-

чунун эксплуатациялык документтеринин талаптарына ылайык жүргүзүлөт.

9. Машиналарды жана жабдууларды техникалык тейлөө жана оњдоо боюн-

ча жумуштарды аткарууда коопсуздукту камсыз кылуучу уюштуруучулук жана

техникалык иш чаралар аткарылышы керек.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202496/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202496/st-15)
