# 13-берене. Эксплуатацияланып жаткан машиналарды жана жабдууларды

- Документ: [Машиналарды жана жабдууларды коопсуз эксплуатациялоо жана утилдештирүү жөнүндө" жалпы техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/202496)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 29-декабрындагы № 280 "Машиналарды жана жабдууларды коопсуз эксплуатациялоо жана утилдештирүү жөнүндө" жалпы техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 280
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111115)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202496/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3914/edition/628624/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202496/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Машиналарды жана жабдууларды коопсуз эксплуатациялоо жана утилдештирүү жөнүндө" жалпы техникалык регламент, 13-берене (02.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202496/st-13

---

техникалык диагностоо

1. Машиналарды жана жабдууларды техникалык диагностоо процессинде

эксплуатант төмөнкүлөрдү белгилеши керек:

1) техникалык диагностоо учурунда машиналардын жана жабдуулардын

андан ары коопсуз эксплуатациялоого жарактуулугун;

2) эксплуатацияланып жаткан машиналардын жана жабдуулардын болжол-

дуу начар абалга жетишин аныктоону (машиналардын жана жабдуулардын кал-

ган ресурсу), анын ичинде машиналарды жана жабдууларды коопсуз эксплуа-

тациялоо мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгүн аныктоону.

2. Машиналарды жана жабдууларды техникалык диагностоо (техникалык

текшерүү) эксплуатант тарабынан өзүнө техникалык изилдөөнү, сыноону,

күбөлөндүрүүнү жана ушул берененин 1-бөлүгүндө саналган максаттарга

жетүүгө мүмкүндүк берген башка ыкмаларды камтыган иш чараларды өткөрүү

жолу менен жүргүзүлөт.

3. Эгер техникалык диагаостоонун жыйынтыгы боюнча (техникалык тек-

шерүү) машиналар жана жабдуулар андан ары эксплуатациялоого кооптуу

абалда деп табылса, эксплуатант аларды эксплуатациядан алып салышы же

андан аркы коопсуз эксплуатацияны камсыз кылган тийиштүү оњдоо иштерин

жүргүзүшү керек.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202496/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202496/st-14)
