# КР 2008-жылдын 29-декабрындагы № 277 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралу"" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 29-декабрындагы № 277 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралу"" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 277
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.11.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202493>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3912/edition/394421/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202493.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2008-жылдын 29-декабрындагы № 277 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралу"" Мыйзамы (25.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202493

---

Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2008-жылдын 29-декабры № 277

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202493/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2005-жылдын 18-январы, № 4-5) төмөндөгүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин: 52-статьяда: статья төмөндөгүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын: "Жогорку Кеңештин Төрагасы катышпаган депутаттардын тизмесин, ошондой эле өз добушун башка депутатка же депутаттык фракциянын лидерине тапшырган депутаттардын тизмесин Жогорку Кеңештин жыйналышында жарыялайт. Эгерде Жогорку Кеңештин депутаты өз добушун башка депутатка же депутаттык фракциянын лидерине тапшырбаса, катышпаган депутаттын жеке компьютери өчүрүлөт."; 6 жана 7-бөлүктөр 7 жана 8-бөлүктөр деп эсептелсин.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202493/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
