# 9-берене. Жогорку Кеңешинин депутатынын негизги укуктары жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202483)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 18-декабрындагы № 267 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 267
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июля 2015 года № 204 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111248)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.07.2015 [Закон КР от 28 июля 2015 года № 204 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111248); 04.02.2013 [Закон КР от 4 февраля 2013 года № 12 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203819)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202483#diff=842759..842760>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3903/edition/842753/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202483/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө, 9-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-9

---

1. Жогорку Кеңештин депутаты төмөндөгүдөй укуктарга ээ:

1) мыйзам чыгаруу демилгеси тартибинде мыйзамдардын, токтомдордун долбоорлорун Жогорку Кеңешке киргизүүгө, ошондой эле Жогорку Кеңеште каралууга жаткан ченемдик укуктук актылар боюнча башка сунуштарын киргизүүгө жана аларды чакырып алууга;

2) Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын жетекчи жана башка кызмат орундарына шайлоого жана шайланууга:

3) Жогорку Кеңештин Регламентинде аныкталган тартипте Жогорку Кеңеш тарабынан түзүлгөн убактылуу комиссиялардын жана башка органдардын курамына кирүүгө;

4) депутаттык суроо-талаптар менен мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана башка юридикалык жактарга кайрылууга жана аларга жооп берүүнү талап кылууга;

5) Жогорку Кеңеш тарабынан өткөрүлгөн парламенттик угууларга жана башка иш-чараларга катышууга;

6) ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамдарды аткаруусун текшерүүсүнүн зарылдыгы жөнүндө жана парламенттик иликтөөлөр жүргүзүү жөнүндө Жогорку Кеңештин тийиштүү органдарына сунуштар киргизүүгө;

7) Жогорку Кеңештин жыйналыштарынын жана анын органдарынын стенограммаларындагы жана протоколдорундагы өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөздөрүнүн тексттерин жарыяланганга чейин ач убагында алууга жана таанышууга;

8) фракцияга биригүүгө.

2. Жогорку Кеңештин депутаты төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктарын ак ниеттүү аткарууга;

2) Жогорку Кеңештин жыйналыштарында, парламенттик фракцияларда, өзү мүчөсү болуп саналган комитеттер менен убактылуу комиссиялардын жыйналыштарында, жүйөөлүү себептерден улам жок болгондо жана добуш берүү укугун Жогорку Кеңештин Регламентинде каралган учурларда жана тартипте өткөрүп берүүдөн башка учурларда каралып жаткан маселелерге катышууга жана добуш берүүгө:

3) (КР 2015-жылдын 28-июлундагы № 204 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4) депутаттык этика нормаларын сактоого;

5) ички фракциялык тартипти сактоого;

6) Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын тапшырмаларын аткарууга;

7) Жогорку Кеңешинин Регламентинде белгиленген күндөрдө шайлоочулар менен иш жүргүзүүгө.

3. Жогорку Кеңештин депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка укуктарга жана милдеттерге ээ болот.

Караныз: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун конституциялык палатасынын чечими 2014 жылдын 24 сентябрындагы №48-р (КР 2013-жылдын 4-февралындагы № 12, 2015-жылдын 28-июлундагы № 204 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-10)
