41-берене. Ушул Мыйзамдын талаптарын аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 3-глава
Мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын кызмат адамдары жана башка кызматкерлери тарабынан ушул Мыйзамдын талаптары аткарылбаса, депутаттык ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырууга Жогорку Кеңештин депутатына тоскоолдуктар түзүлсө, ушуга тете аларга алдын ала жалган маалыматтар берилсе же Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроо-талаптары жана кайрылуулары боюнча маалыматтарды, жоопторду берүүнүн ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттөрү жана тартиби сакталбаса, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылышат.
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
41-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202483/st-41" title="41-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>