# 37-берене. Жогорку Кеңештин депутатын медициналык, турмуш-тиричилик жана пенсиялык жактан камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202483)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 18-декабрындагы № 267 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 267
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3903/edition/842753/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202483/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө, 37-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-37

---

1. Жогорку Кеңештин депутаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү үчүн белгиленген шарттарда медициналык, санатордук-курорттук жана турмуш-тиричилик жактан камсыздалат.

Жогорку Кеңештин депутатын өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу мезгилинде жаракат алса же ден-соолугуна башка зыян келтирилсе, алар үчүн медициналык, санатордук-курорттук жана турмуш-тиричилик жактан камсыздоо ушул беренеде белгиленген шарттарда ыйгарым укуктары токтотулгандан кийин да сакталат.

2. Депутаттын ыйгарым укуктарын аткарган жана пенсия курагына жеткен Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана шарттарда өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсия алууга жана жеңилдиктерди алууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-36)  
Кийинки берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-38)
