# 36-берене. Депутаттын өргүүсү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202483)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 18-декабрындагы № 267 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 267
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 ноября 2016 года № 191 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111470)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.11.2016 [Закон КР от 29 ноября 2016 года № 191 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111470); 18.07.2011 [Закон КР от 18 июля 2011 года № 110 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203350); 15.10.2009 [Закон КР от 15 октября 2009 года № 277 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203218)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202483#diff=842762..842763>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3903/edition/842753/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202483/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө, 36-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-36

---

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ден соолугун чыңдоо үчүн жөлөкпул жана кошумчаларды төлөө менен 30 календардык күн өлчөмүндөгү акы төлөнүүчү ар жылдык эмгек өргүүсү берилет. Жогорку Кеңештин депутатына эмгек өргүүсү сессия аяктагандыгы боюнча берилет. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Жогорку Кеңештин депутатына төмөндөгүлөр берилет:

1) кош бойлуулугуна жана төрөгөндүгүнө, бала асырап алгандыгына байланыштуу өргүү;

2) эмгек акысы сакталбаган өргүү (үй-бүлөлүк жагдайлар боюнча, никеге катталган, бала төрөлгөн, баланы баккан, жакын туугандары өлгөн учурларда);

3) окуу өргүүсү.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жумуш стажы жыйындысы боюнча 5, 10, 15 жана 20 жылдан ашык болсо, акы төлөнүүчү өргүүсү тиешелүүлүгүнө жараша 2, 4, 6 жана 8 календардык күнгө көбөйөт. Окумуштуулук даражасы жана илимий наамы болсо, эмгек өргүүсү "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык белгиленет. (КР 2009-жылдын 15-октябрындагы № 277, 2011-жылдын 18-июлундагы № 110, 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 191 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-35)  
Кийинки берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202483/st-37)
