Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
35-берене. Депутаттын эмгек укуктарына кепилдиктер
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 июля 2011 года № 110
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Жогорку Кеңештин депутаты туруктуу иштеген Жогорку Кеңеште өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат.
2. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү жалпы жана үзгүлтүксүз эмгек стажына, мамлекеттик кызмат стажына, адистиги боюнча иш стажына эсептелет. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарынын конституциялык мөөнөтү аяктагандан кийин анын үзгүлтүксүз эмгек стажысы сакталат.
Жогорку Кеңештин депутаты ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандан кийин Жогорку Кеңешке шайланганга чейинки мурдагы ишине (кызматына), ал эми ал бош болбогон учурда ошого тете башка ишке (кызматка) орноштурулат. Мындай мүмкүнчүлүк жок болгон учурда Жогорку Кеңештин депутаты жазуу жүзүндөгү арызы боюнча кадрлар резервине киргизилиши мүмкүн, андан ары ал мамлекеттик органдын бош кызмат ордуна биринчи кезекте дайындалууга укуктуу болот. Сунушталган кызматтан баш тарткан учурда же депутат мамлекеттик мекемелерге, ишканаларга жана жеке секторго ишке орноштуруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында кесиптик кайра даярдоого жөнөтүлөт.
3. Парламент ишин мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда Жогорку Кеңештин депутаттарына эмгек акынын орточо эки айлыгынын өлчөмүнөн төмөн эмес эс алуу жөлөкпулу төлөнөт.
4. (КР 2011-жылдын 18-июлундагы № 110 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5. Аскер кызматчыларынан жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен Жогорку Кеңешке шайланган депутатка кезектеги аскердик же атайын наам ыйгаруу "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.
6. Жогорку Кеңештин депутатына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү класстык чен ыйгарылат.
(КР 2011-жылдын 18-июлундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 18.07.2011 · № 110
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202483/st-35" title="35-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>